Menu

“Паспорт мафиясынын”  артында кимдер тургандыгы ачыкка чыгабы

Бөлүшүү:

Буга чейин Кыргызстандын паспорту дүйнөлүк денгээлдеги кылмыш өкүлдөрүнөн, бозгундагы казак олигархтарынан, кыскасы, ууру-кескилер менен качкан, тентигендерден табылгандыгы тууралуу көп эле айтылып келчү. Ал тургай былтыр Стамбул аэропортунан кайсы бир чет өлкөгө жөнөгөн 70ке жакын кытайлык уйгурлар да жасалма кыргыз паспорту менен кармалышкан. Кыскасы, паспорт бергендер бул ишти чон акча жасаган “бизнеске” айлантып алышкан. Бирок, бул ирет Иракта жоочулардан бошотулган Тал-Афар шаарынан Борбор Азия жарандарына таандык паспорттор табылганын “РИА Новости” агенттиги маалымдады. 28-август күнү таратылган кабарда аталган интернет басылманын кызматкери жеке булактары аркылуу документтерди көргөнү, арасында Кыргызстандын паспорттору да бар экени жазылат. Андан тышкары, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай жана Судан мамлекеттеринен берилген паспорттор болгон. Документ ээлеринин «Ислам мамлекети» экстремисттик тобуна кошулганын тастыктаган жазуулар да чыккан. Бирок ал кагаздарга эч кандай дата коюлган эмес. УКМК азырынча бул маалыматка расмий каттын негизинде жооп берилерин билдирди. Эгер ушул жагдай чындап эле далилденип калса, анда “паспорт мафиясынын”  артында кимдер тургандыгы да ачыкка чыгар бекен?

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: