Баткен облусундагы Кызыл –Кыя шаарынын тургуну 1-март күнү көмүр казган шахтадан газга ууланып, көз жумду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. №5 көмүр шахтасында өз алдынча көмүр казган Ноокат районунун 31 жаштагы тургуну Алтынбек Эрматов жана 25 жаштагы Улукбек Эрматов болчу.
Ал эми алардын жанындагы үчүнчү адам, бактыга жараша аман калды. Ага медициналык жардам көрсөтүлүп, үйүнө жөнөтүлдү. Куткаруучулар барганга чейин жергиликтүү көмүр казган адамдар газга уулангандарды сыртка алып чыгышкан, бирок, алар ооруканага жетпей жан берди.
Булак: “Азияньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ