Menu

Трамп Виржиниядагы окуя үчүн кайрадан “эки тарапты” айыптады

Бөлүшүү:

АКШ президенти Доналд Трамп Виржиниядагы кагылышуу үчүн “эки тарапты” тең айыптады.

Шейшембиде Нью-Йорктогу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, президент “эки топ союлдар менен мушташып жатышты”, көп жагдайлар белгисиз деди. Ишембиде ал Шарлоттсвиллдеги адам өлүмү менен коштолгон окуя үчүн “бир нече тарап” күнөөлүү деген.

Трамптын мындай билдирүүсү демократтар гана эмес өз партиялаштарынын сынына кабылгандан кийин дүйшөмбү күнү президент неонацист топторду түздөн-түз айыптаган.

12-августта Виржиниядагы Шарлотсвилл шаарчасында ак расанын үстөмдүгүн жактагандар, неонацисттер менен ку-клукс кландын мүчөлөрү жүрүшкө чыгышкан. Солчул активисттер аларга тоскоол кылууга аракеттенгенде ортодо кагылышуу тутанган. Жеңил машина чогулгандарды сүзүп бир аял каза тапты. Андан тышкары полициячылардын тик учагы кулаганда эки киши набыт кеткен.

Ашынган оңчулдардын тарапташтары Виржиния штатындагы Шарлоттсвилл шаарына келип калаа бийликтеринин генерал Роберт Линин эстелигин алуу чечимине каршы чыгуу үчүн топтолушкан. Роберт Ли АКШдагы 1860-жылдардагы жарандык согушта карама-каршылыктуу кол башчы болгону менен таанымал. Алардын жолун антифашисттер менен солчул активисттер торогонго аракеттенгенде ортодо кагылышуу тутанган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 87 = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: