Бишкектин Биринчи май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөн Чотоновго байланыштуу ишти кароону улантууда. Кечээ жарыш сөзгө чыккан Текебаев буга чейин сотто көрсөтмө берген күбөлөрдүн айткандарына токтолуп, өзү да түшүндүрмө берди. Мындан кийин жарыш сөзгө адвокаттар чыгат. Соттук отурум бүгүн, 15-августта дагы уланат.
Беш айдан бери УКМКнын тергөө абагында камалып жаткан “Ата Мекен” лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотонов “Мегаком” компаниясына байланыштуу орус жаранынан 1 млн доллар пара алган деп айыпталууда. Бул акча Чотоновдун айылдаш таанышы, кийин көзү өтүп кеткен Талант Маматкеримов аркылуу алынганы тергөөдө айтылган. Соттолуучулар бул кылмыш ишти саясий куугунтук деп атап келет.
Мамлекеттик айыптоочу соттон Текебаевди 10, Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратып, үй мүлкүн мамлекетке чегерип, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин үч жыл мамлекеттик кызматка иштебесин деп сураган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ