“Фейсбук” социалдык тармагындагы “Комп.KG” баракчасы мурунку биринчи канайым Раиса Атамбаева тууралуу “Ханша Рая” аттуу видео жарыялады. Анда Раиса Атамбаева Кыргызстандагы алдыңкы байлардын катарында кире турганын, анын байлыгы бир канча жүздөгөн миллион доллар турары айтылат.
Раиса Атамбаева жолдошу президент болуп өлкөнү башкарып турганда кримдүйнөгө да таасири болгону, Раиса айым жолдошунун атынан кримдүйнөнүн лөгү “Камчи-кыргыз” (Камчы Көлбаев) менен иш алып барып, баңгизатты Кыргызстан аркылуу өткөрүп турганы сөз болот.
Ушул видеодо сөздөр тастыктала турган болсо, Раиса Атамбаеванын “Балам экөөбүздүн Кой-Таштагы үйүбүздөн башка жашай турган жерибиз жок. Аны дагы камакка алып койду. Көчөдө кала турган болдук” дегени байкуштун кейпин кийип жатканы ачык болот. Салымбеков дагы 3,5 млн доллар турат деген вилла жөнүндө өз пикирин айтса керек.
Булак: “Ring.mkg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ