БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев Бишкек шаарынын Октябрь РИИБсине суракка чакырылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-сентябрда Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
“КРнын Кылмыш кодексинин 186-беренеси (жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу) боюнча суракка чакырылдым. Facebook социалдык тармагындагы баракчамдагы билдирүү үчүн үстүбүздөгү жылдын май айында Абдрахманов аттуу жаран мага каршы арыз жазганын айтышты. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Жай мезгили бою унчукпай отурушуп, эми шайлоонун убагында суракка алууну чечишти. Мен муну тараптардын бирин каттоодон баш тартууга каршы позициям менен байланыштыргым келбейт, бирок … Мурдагы күнү менин электрондук почтам бузулуп, ошол эле партияны каттоо боюнча чечимдин долбоору ошол жерден жоголуп кеткен. Ал эми 2-4-сентябрь күндөрү мени сүрөткө тартып, коштоп жүргөндөрдү байкадым. Кокустуктар өтө эле көп болуп жатабы?” – деп жазган Кайрат Осмоналиев.
Белгилей кетсек, 3-сентябрда БШКнын жыйынында “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоо маселеси каралып, “съездде мыйзам бузулган” деген негиз менен БШКнын мүчөлөрү партияны каттоодон баш тарткан. Бул чечимге Кайрат Осмоналиев менен Атыр Абдрахматова каршы чыгышкан.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ