Menu

Феликс Кулов, экс-премьер министр: “Үчүнчү революцияга реалдуу негиз көрбөй турам”

Бөлүшүү:

– Феликс Шаршенбаевич, кечээ жакында Кой-Таштагы окуялар болуп жатканда кээ бир чет элдик эксперттер «Кыргызстанда үчүнчү революция коркунучу жаралдым деп добулбас кагып жиберишти. Сиздин көз карашыңыз боюнча ошондой коркунуч барбы?

– Саясый кырдаалдын көз карашынан алганда, мен үчүнчү революцияга реалдуу негиз көрбөй турам. Эгер бийлик туура иштесе, эч кандай төңкөрүш болбойт. Бирок бийликтин, атайын кызматтардын көз карашынан алганда, дайыма перестраховка кылып, коопсузданып туруш керек. Айталы, сот объективдүү болуп, камалгандардын күнөөсү жүз эмес, үч жүз пайыз далилденгендей кылуу зарыл. Экинчи нерсе, элди саясаттан мурда экономика кызыктырат. Ошондуктан, азыр баарын коюп, экономика менен шугулдаңуу керек. Анүстүнө азыр адамдар «тигил өлкөдө мындай жасалып жатат, бул өлкөдө мындай жасалып жатат« деп салыштырганга мүмкүнчүлүгү бар да. Мында өкмөттөн көп нерсе байланыштуу. А биз болсо өкмөт бар экенин да унутуп калдык. Айтканыбыз эле «жаңы жана эски президент бири-бири менен тирешип жатат деген сөз. Менимче, бул туура эмес. Эстеп керсөңөр, Жээнбеков экс-президент тууралуу бир да жаман сез айткан жок. Атамбаев аны канчалык жамандаса да сабыр кылып, унчукпай эле жүрөт.

Азыр кимдир бирөөлөр атайылап түндүк-түштүк маселесин козутуп жатышат. Бул маселенин үстүнөн да ойлонуу керек. Башкача айтканда, өкмөт тараптан уюштуруучулук, саясый чоң иштер жасалууга тийиш. Өкмөт азыр аябай демилгечил болушу зарыл. Эл ушуну талап кылуу, ЖМКларда айыл чарба министри миллион сомдук чырга аралашканы тууралуу сөз болуп жатат. Солтон-Сары боюнча да проблема бар. Айтор, каякты караба, проблема. Буга ким жооп берет? Президент экономикага жооп бербейт, Конституция боюнча анын укугу жок. Менимче, биз Ватикандын принцибин колдонгонубуз туура болот. Ал жакта кандай? Оболу эң төмөнкү звенодогу иш тапшырылган кишиден суралат. А эгер ал «мен өзүм чече албайм, жогору жакка кайрылгыла» дечү болсо, жогорудагылар «бул сен чече турган маселе болчу. Ырас, чече албадыңбы, бул орунга татыктуу эмессиң» деп жумуштан алып коюшат. Бизде болсо эч ким эч нерсени чечкиси келбейт. Баары коркуп, чочуп турушат. Себеби, бүгүн тендер өткөрсө, эртең прокурор келип, «эмне үчүн арзан бааны сунуш кылганды эмес, кымбат бааны сунуштаганды өткөрдүң?» деп сурайт. «Сапаты жакшы экен» дегенине карабай, камап салат. Эгер арзан бааны сунуштаганды тандаса, «эмне үчүн жакшы сапаттагыны эмес, начар сапаттагыны тандадың?» деп кине коёт. Башкача айтканда, азыркы өкмөт паралич абалга тушукту.

– Сиздин оюңуз боюнча кеп нерсе өкмөткө байланыштуу экен. Бирок, азыркы өкмөт ошондой милдетти аркалай алабы, же алмаштырыш керекпи?

– Алмаштырсак ордуна ким келет анда? Эгер өкмөттү алмаштыргыбыз келсе, адегенде алардан «эмне кылайын деген окуяар, кандай программаңар бар?» деп сураш керек. Эсиңердеби, азыркы өкмөт куралар алдында бир жаш бала өз программасы менен чыккан. Бирок, ага «ал жаш экенсиң» деп коюшту. Ал эми тажрыйбалуу делгендерден эч ким программа сураган жок. Ошондуктан, азыр бир министрлик шашылыш түрдө өзүнүн программасын сунуштап, өкмөт бекитүүгө тийиш. Ошондо эл тигил, же бул министрлик, мисалы, “айыл чарба министри бир жылда мындай иштерди аткарат” деп алдын ала билет, аткарылышын күтөт. Аткарбаса, анда «кайыр кош» деш керек.

Аттокур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: