Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2017-жылы 2 миллион 367 миң сом киреше тапкан. Бул тууралуу маалыматты Мамлекеттик салык кызматы аткаминерлердин кирешеси, чыгашасы жана мүлкү жазылган декларацияга таянып билдирди.
Премьер министрдин мүлкүн аянты 278 чаарчы метрди түзгөн турак үй, жылкылары жана майда жана ири мүйүздүү бодо малдар түзөт.
Өкмөт башчынын 2017-жылкы чыгашасы тууралуу маалымдалган эмес.
Мухаммедкалый Абылгазиевдин туугандарынын кирешеси, чыгашасы, аларга тиешелүү мүлк жөнүндө эч нерсе жазылган эмес. Алардын каражаты, унаалары жана үйлөрү жок.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ