2018-жылдын 1-ноябрына карата “Айыл-чарбаны каржылоо 6” долбоорунун алкагында коммерциялык банктарга 5,4 миллиард сомду түзгөн жеңилдетилген насыялар берилген. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, карызды 11 миң 246 айыл товар өндүрүүчүлөрү алган. Долбоордун алкагында бардыгы болуп Каржы министрлиги менен 11 комеерциялык банктардын ортосунда 5 миллиард 816 миллион сомду субсидиялоо тууралуу келишим түзүлгөн.
Дыйкандарды жеңилдиктер менен каржылоого республикалык бюджеттен 1 миллиард 50 миллион сом каралган.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ