Menu

Исаков Жалал-Абад шаарында балдар психоневрологиялык стационардык мекемесинин тарбиялануучуларын Жаңы жылы менен кутуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 26-декабрда, Жалал-Абад шаарындагы балдар психоневрологиялык стационардык мекемесинин тарбиялануучуларына жаңы жылдык белектерди тапшырды. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Жалал-Абад шаарына жумушчу сапарынын жүрүшүндө Сапар Исаков аталган мекеме тарбиялануучулары тарабынан даярдалган жаңы жылдык майрамдык иш-чарага катышты.

Өкмөт башчы концерттик программанын соңунда балдарга жаңы жылдык белектерди тапшырды.

Сапар Исаков белгилегендей, Өкмөт социалдык мекемелерди жана алардын тарбиялануучуларын колдоо боюнча өз ишин улантат.

Премьер-министр сапар алкагында ошондой эле Жалал-Абад шаарында жашаган Айжаңыл Семетееванын үй-бүлөсүн барып көрдү.

Айжаңыл Семетеева I топтогу майып болуп саналат жана шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын каттоосунда ай сайын жөлөкпул алат. Ал өзү жалгыз үч баланы тарбиялайт. Үй-бүлө оор социалдык абалда.

Сапар Исаков Айжаңыл Семетеева менен баарлашып, анын көйгөйлөрүн угуп, жергиликтүү бийлик органдарына ага социалдык көйгөйлөрүн чечүүдө көмөк берүү жана жалгыз бой энеге үзгүлтүксүз негиздеги колдоо көрсөтүп туруу тапшырмасын берди. Андан тышкары Өкмөт башчы үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөттү.

Премьер-министр ошондой эле Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн мында күтүүсүздөн кирүүнү чечти. Анын жыйынтыгында Сапар Исаков медициналык мекеменин жетекчилигине жана тиешелүү органдарга имаратты реконструкциялоо жана медициналык техниканы модернизациялоо боюнча сунуштарды киргизүү тапшырмасын берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − 80 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: