Menu

Сириядагы жарандык уюмдар футбол боюнча дүйнө чемпиондугуна бойкот жарыялоону өтүнүштү

Бөлүшүү:

Сириядагы 20дан ашык коомдук уюм Улуу Британия, Германия, АКШ жана Франция өкмөттөрүнө кайрылып, Сирияга карата саясатын өзгөртүшү үчүн Москвага футбол боюнча дүйнө чемпиондугуна бойкот жарыяланышы мүмкүндүгү эскертүүгө чакырды.

Алар орус бийлиги Сирия президенти Башар Асадга басым жасап, аны Чыгыш Гутаны бомбалоону токтотууга мажбурлашы керек деп эсептешет.

2013-жылдан бери Чыгыш Гута аймагында 400 миңдей жаран курчоодо турат. Аларга азык-түлүк, таза суу, дары-дармек жана электр жарыгы жетишпейт.

Быйыл февралда Сириянын өкмөттүк күчтөрү Чыгыш Гутадагы оппозициялык топторго абадан сокку ура баштаган. Сириядагы адам укуктарына байкоо салган борбордун маалыматтары боюнча, андан бери каза тапкан жайкын тургундардын саны 900дөн ашкан. «Чек арасыз даргерлер» эл аралык уюму курман болгондордун саны миңден ашканын билдирүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: