Menu

Каратаев Базарали, Эл агартуунун отличниги: Мен жебеген 970 сом үчүн 6 жылга кесилип…

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Ш.ЖЭЭНБЕКОВго

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору

И.Ы.ЖОЛДУБАЕВАга

КАРАТАЕВ Базарали Тагаевичтен

(Өзгөн районундагы Чаңгет айыл аймагынын тургуну, 7 баланын атасы, Эл агартуунун отличниги, айылдык Кеңештин 3 жолку депутаты,

т.: 0772 92 92 76)

Кайрылуу

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

30 жылдан бери билим берүү тармагында, анын ичинде 20 жыл Жумабаев атындагы орто мектептин директору болуп эмгектенип, жалаң сыйлык, алкыштарды алып иштеп келип, акырында Чаңгет айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкерлигимди коём деп, ошол кездеги район акими Аттокур Тажибаевдин малын баккан жеке койчусу Төрө Эшиев менен өкмөт башчылыкка ат салышып, шайлоого чыгып, акимдин каарына калып, ак жерден күйүп соттолуп, 6 жылга эркимен ажыратылып, Жогорку Сотко чейин даттанып, акыйкат таппай, эл караган бетим жер карап, айлам кеткенде Сизге кайрылып отурамын.

Тергөө органдары мени мектеп директору кезинде бюджеттин 18 миң сомун жеп алды деп айыптап отурат. Тергөөнүн жүрүшүндө да, соттук териштирүү учурунда да жогорудагы сумманын 10 миң сомун айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М. Мамытов мага чыгыштоо ордерине кол койдуруп, кийин акча болгондо аласын деп кармап калгандыгы, кийин бербегендиги аныкталган жана далилденип, ал 10 миң сомду кассага төгүүгө мажбур болгон. Буга далил катары 2015. 15.11. облус прокурору тарабынан бекитилген айыптоо корутундусунда тергөөчү Т. Кенжебаев төмөнкүдөй деп белгилеген:

“Чаңгет айыл өкмөтүнүн кассири А. Кадыров… Б. Каратаевдин атына чыгышталган 18 000 сом акча каражатынын ичинен болгону 8000 сом гана акча каражатын берип, ал эми калган 10000 сом акча каражатын өзүнүн кылмыштуу шериктеши, башкы эсепчи М. Мамытовго берип, ал тарабынан 10000 сом акча каражатын ыйгарып алынышына шериктеш болгон”.

Иш жүзүндө мен алган 8 миң сомдун 2650 сомуна мектепке мөөр-штамп, 770 сомуна лозунг, 650 сомуна көрнөк жасатылган. Райондук “Өзгөн нуру” гезитинин кассасына мектеп турмушун чагылдырган материалды даярдоо үчүн 3 миң сом төлөнгөн. Баары болуп 7 миң 70 сомду түзгөн. Бул чыгымды ырастоочу документтерди тергөө учурунда көрсөткөнмүн, кылмыш ишинде тиркелүү. Калган 930 сом жогорудагы буюртмаларды жасатуу үчүн 2 жолу Чаңгет — ​Өзгөн — ​Ош каттамына сарпталган.

Урматтуу Президент!

970 сом үчүн мен 6 жылга кесилип, ал аз келгенсип, Өзгөн райондук сотунун судьясы А. Козуев кошумча жаза катары мектеп босогосун аттатпоого өкүм чыгарып отурат. Бул жерде айтпай койбой турган нерсе — ​судья А. Козуевдин процесс башталаардан 1 күн алдың анын кабинетинде болгон “эркекче шыбырашууда” мага: “баарыбызды мугалим окуткан. Ишиңди бүтүрүп берем, бир тыйын акча жебепсиң” деген эркекче сөзү кайда калды? Соттук териштирүү башталбай жатып, эркекче убада берип, мени биротоло “жибитүү” максатында оозеки актаган сот А. Козуевдин жигиттик сөзү кайда калды?! Же судьянын кабинети Өзгөндүн мал базарыбы?! Судьянын мага берген сөзүнөн танып кеткендигине караганда башкалар тарабынан ага болгон “шыбырашуунун” таасири күчтүүлүк кылды сыягы.

Эсептөө палатасынын текшерүүсүнүн натыйжасында Чаңгет айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Акматов 67 миң 80 сомдук бензинди кириш кылбай жок кылгандыгы, ӨКМ жергиликтүү адиси М. Ормонов жергиликтүү өкмөттүн кассасынан 15 миң 500 сом алып, ал акчаны жасалма документтерди колдонуу менен жеке кызыкчылыгы үчүн сарптагандыгы, ушул эле адис Д. Акматовго кассадан 14 миң 800 сом алып бергендиги, ошондой эле жер адиси жана кассир болуп иштеген А. Кадыровго берилген 14 миң 400 сом, жергиликтүү салыкчы Т. Ниязовго берилген 10 миң 590 сом боюнча эч кандай отчеттор тапшырылбагандыгы ачыкка чыккан.

Ошол кездеги Чаңгет айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Акматов, андан кийин башчынын милдетин аткаруучу Максатали Ниязов, анын бир тууган агасы, салыкчы Таалай Ниязов жана ӨКМ адиси М. Ормонов соттолуунун ордуна, тергөөчү Т. Кенжебаевдин тилин табышканбы, 140 миң 590 сомду оп тарткандар жоопкерчиликтен кутулуп кетишти. Айран уурдаган кутулду, челек жалаган тутулду деп бекер айтышпаган тура…

Урматтуу Президент! Казанчынын өз эрки… дегендей, тергөөчү Т. Кенжебаев тергөөнүн жүрүшүндө “Максатали Ниязов айылдык округунун башчысынын милдетин аткаруу учурунда, башкача айтканда, 2014-жылдын 29-декабрында агасы Таалай Ниязовдун атына чыгышталган 10590 сом акча каражатына кассалык чыгыштоо ордерине кол коюп бергендигин” аныктаган. Ага карабастан, негедир, тергөөчү Таалай Ниязовдун (Таалай — ​М. Ниязовдун агасы) үстүлөрүнөн кылмыш куугунтуктоосу кыскартылсын деп токтом чыгаргандыгын кантип түшүнүүгө болот? Бул жерде тергөөчү Т. Кенжебаев бир туугандар Максатали Ниязов менен Таалай Ниязовдун аттарын жана фамилияларын токтомдо атайылап алмаштырып көрсөтүп койгон.

Тергөөчү Т. Кенжебаевдин 2015-жылдын 7-ноябрындагы кылмыш иштин ичинен кээ бир атуулдардын үстүнөн кылмыш куугунтуктоосун кыскартуу жөнүндөгү токтомунда “147–15–439 сандуу кылмыш иши боюнча Чаңгет айылдык өкмөтүнүн мурдагы башчысынын милдетин аткаруучу А. Ахмадалиеванын жана М. Закирбаевдердин үстүлөрүнөн кылмыш куугунтуктоосу кыскартылсын” деп көрсөткөндүгүн кантип түшүнүүгө болот?! Жогоруда аталган кылмыш ишинде кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткан “Өзгөн-Базары” ЖЧКунун эсепчиси С. Ахмадалиеванын аты жүргөндүгүнө карабастан, токтомдо кылмыш иши А. Ахмадалиевага карата кыскартылгандыгын кантип түшүнүүгө болот?! Же жалаң байлардын иштин тергемиш болуп жүрүп, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын тергөөчүсү Т. Кенжебаевдин көзүн май басып калганбы?! Май баспаса, өмүрүндө Чаңгет айыл өкмөтүнө буту басып барбаган, өмүрүндө Өзгөн базарынан ары чыкпаган А. Ахмадалиеваны эмне үчүн жогоруда аталган токтомдо Чаңгет айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысынын милдетин аткаруучу деп көрсөткөн?!

Ошондой эле аталган токтомдо Башкы прокуратуранын байлардын адвокатына айланып кеткен тергөөчүсү Т. Кенжебаев Чаңгет айыл өкмөтү 15 миң сомго Өзгөн базарынан чапан сатып алгандыгын көрсөткөн жана бул жердеги көз боёмочулукту тергөөнүн жүрүшүндө жаап-жашырууга аракеттенген. Антпесе, Чаңгет айыл аймагындагы 4750 жашоочунун ичинде бир да өзбек болбосо, анда жергиликтүү өкмөттөгү көз боёмочулар өзбек туугандардын чапанын сатып алмак беле?! Муну тергөөчү-адвокат Т. Кенжебаев билип турса да, чапандар мыйзамдуу сатып алынган деген жыйынтыкка келген…

Т. Кенжебаев тергөөнүн жүрүшүндө көп жолу мени оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, кадыр-баркыма шек келтирди. Мындай маданиятсыз, богооз, шектүү жана правокатор неме прокуратура органдарынан токтоосуз түрдө кетирилүүгө тийиш!

Жогорудагы укуктук көтөнзордукка Өзгөн районунун мурдагы прокурору М. Айтикуловдун, Ош облусунун прокурору А. Турганбаевдин да салымы бар экендигин эсиңизге алсаңыз. Менин арыздарым Айтикуловдун колуна тийип, ал такай “жаңы ачылган жагдайлар жок” деп, уялбай, туш тарапка туура эмес жоопторду бергенден тажабады. Бул жагдай тууралуу Турганбаев да дайыма кабардар болсо да, унчукпай келди. Экинчи жагынан, Т. Кенжебаев менин укуктук кат-сабатымдын начардыгын өзүмө каршы кыянаттык менен колдонуп келди.

Урматтуу Президент!

Бүгүнкү күндө Сиз 8-февралда Коопсуздук кеңешинде көтөргөн коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнүн кечиктирилгис чаралары боюнча маселени өлкөнүн эли толугу менен колдоого алууда. Укук коргоо, сот органдарынын алдына Сиз койгон орчундуу тапшырмалар мага – менин соңку жылдардагы тагдырымдан алынгандай сезилди. Мени Башкы прокуратуранын бакыйган тергөөчүсү Т. Кенжебаев 930 сом жеп алды деп айыптап, судья А. Козуев 6 жылга кесип, ал боюнча мага карата чыгарылган өкүмдү Ош облустук соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырып, аталган кызмат адамдары жана соттук инстанциялар жеке кызыкчылыктарын көздөшүп, мамлекеттик бийликти маскара кылышты жана мындай мыйзамсыз көтөнзордук улантылууда

Мамлекеттик органдар коррупцияга каршы ушинтип күрөшөбү?! Мындай фактылар өлкө боюнча миңдеп саналаарын өзүңүз жакшы билесиз. Мындай акмакчылыктын көрүнүштөрү кескин кыскарууга тийиш жана бул багытта мен да, көптүн бири катары, Сизди бекем колдоого аламын!

Жогорудагылардан улам, Сизден суранарым, мага карата чыгарылган мыйзамсыз тергөөнү, соттордун өкүмдөрүн жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайрадан каратып, адилет чечимди камсыздоону өз көзөмөлүңүзгө алууңузду суранам.

Булак: Жаңы Ордо 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 6 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: