Бүгүн, 9-августта Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караган Беш-Бала деген айылда унаа кырсыгы катталды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, “Фольсваген Вента” жана “Хундай Кари” үлгүсүндөгү жеңил унаалар кагылышкан. Жыйынтыгында 3 адам каза таап, 3 адам ар кандай жаракаттарды алган.
Окуя болгон жерге куткаруучулар барып каза болгондор менен жабыркагандарды Жалал-Абад шаардык ооруканасына жеткиришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ