Бүгүн, 5-апрелде Атамбаевдин жан сакчысы башкарган милиция көзү азиз акын Темирлан Ормуковду өткөн жылы президент Алмаз Атамбаевди жана КСДПчы депутат Дастан Бекешовду сындаганы үчүн колуна кишен салып, камакка алды.
2016-жылы КСДПчы депутат Дастан Бекешов Башкы прокуратурага Темирлан Ормуковдун президент Алмаз Атамбаевди сындап, фейсбукка жазган ырында “аймак аралык кастыкты козутуунун” белгилери бар деп Атамбаевди коргоп, арыз жазган.
Ошондой эле акын Темирлан Ормуков КСДПчы депутат Дастан Бекешовдун Азиздер коомундагы мыйзамсыз иштерин айыптап, милицияга кайрылган.
Албетте азырынча милиция да, сот да Ормуковдун жарандык укуктарын эмес, бийликке, күч структураларына таасири бар Алмаз Атамбаев менен бийликчил КСДПчы депутат Дастан Бекешовду коргоп келатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ