Мыктыны мыкты деш керек. Андан эч кимдин эч нерсеси кемип калбайт. Эсеби маселен «Ыйман» фондунун жетекчиси болуп жүргөн Нуржигит Кадырбековду кимдер гана тааныбайт. Бул жигит ар качан жаркылдаган маанайы, анан да өтө сылык мүнөзү, бийик адамгерчилиги менен адамды өзүнө арбап турат. Кадырбековдун билим казынасы да абдан бай. Ар жагы Америка, башаты Япониядан тарта барып билим алып, бир нече тилде эркин сүйлөсө да бул дымак менен эч качан эне тилин чанып, дөөгүрсүп кеткен жок. Ар качан чыгармачылык менен алектенип, поэзия менен прозанын жүгүн бир тартып, аны менен бирге кимге болсун кеп кеңешин аябай келет. Кадырбековдой жигиттердин катары калыңдаса экен дейли…
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ