Menu

Атамбаев: Владимир Путин учак жиберип, келип кетүүнү суранды

Бөлүшүү:

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Орусиядан кайтып келди. Ал түшкөн учак бүгүн, 25-июлда Канттагы авиабазага келип конду. Аны авиабазанын алдынан тарапташтары тосуп алды.

Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып аны Москвага Орусиянын президенти Владимир Путин чакырганын жана атайын учак жибергенин билдирди.

«Ал (Владимир Путин) менин досум, жакын адамым. «Келип кет» деп атайын самолёт жөнөттү. Бул биринчи эле жолкусу эмес. Буга чейин да эки-үч жолу суранды. Такыр эле барбай койсом да уят болмок. Ал киши «Кыргызстан эмне болот, үчүнчү революция болуп кетпейби?» деп кайгырып атат. Мен ал кишиге революцияны дайыма бийлик жасайт, эл айла жок көтөрүлөт дедим».

Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин шаршембиде Москвада жолукту. Андан кийин Путин журналисттердин суроосуна жооп берип, Кыргызстан буга чейин эки жолу олуттуу саясий толкунду башынан өткөргөнүн, өлкөгө саясий туруктуулук керек экенин айткан.

Атамбаев Моквага 24-июлда Орусиянын Канттагы аба майданы аркылуу учуп кеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 + = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: