Бишкекте курулганына үч жыл боло элек мектеп урап калуу коркунчунда турат. №82 мектептин пайдубалы көчүп, полу чөгүп кеткендиктен, ата-энелер балдарын окууга жиберүүдөн кооптонуда. Алар билим берүү мекемесин жабууну талап кылып жатышат. Ал эми мектеп жетекчилиги имаратка эч кимди киргизбей, окуу жайдын абалын көрсөтүүдөн баш тартты. Кооптуу жагдайдан улам, жаңы салынган мектептин жертөлөсүндө билим алып жаткан башталгыч класстын окуучулары эски имаратка көчүрүлгөн. Курулуш компаниянын өкүлдөрү болсо имараттын бузулушуна мектеп администрациясы күнөөлүү дешет.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ