Кечээ, 9-августта Россиянын “Аэрофлот” авиакомпаниясы Москва – Бишкек каттамы боюнча өлкөнүн 420 жараны Кыргызстанга кайтып келишти. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, 420 жарандын ичинде жашы желе элек 35 бала бар.
Бул каттам менен Россиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, кош бойлуу жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле тез арада өз мекенине кайтып келүү үчүн олуттуу себептер бар жарандар келишти. Мындан тышкары катуу оорулар, жакында хирургиялык операцияларды жасаткандар, тууган-туушкандарын жоготуп, кыйынчылыкка туш болушкандар дагы кайтып келишти.
Чет өлкөдөгү жарандарды өлкөгө кайтаруу иштери дагы да улантылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ