Menu

Илим Карыпбеков, КТРКнын гендиректору: “Билип турам, анча деле көп убактым калган жок, кетем. Иш бөлмөмдөгү оокатымды жыйыштырганга туура 23 эле мүнөт кетет”

Бөлүшүү:

КТРКнын гендиректору Илим Карыпбеков бүгүн фейсбуктагы баракчасы аркылуу өзүнүн “досторуна” кайрылуу жасады:

Айрым досторума кайрылуу.

Асыран байкем баш болуп эле бир жумадан бери “Илим ишиңди жыйыштыр! Илим качан кетет! Илим кеткени аз калды” деп эле жатышат соцтармактагы айрым досторум.

Урматтуу айрым досторум! Сиздер мени качан кетет деп сары санаага түшүп, мен болсо силер мени ойлонуп атып түнкү уйкудан калып калыштыбы деп кабатырланып атып, ортодо жашоонун далай жакшы ирмемдери өтүп кетмей болду! КТРК баш деректирлиги мага мураска калган кызмат эмес. Кудай буйруган учурда, өз убагында кетем мен деле, анча деле көп убактым калган жок, аны деле дайым айтып келем. Иш бөлмөмдөгү оокатымды жыйыштырганга туура 23 эле мүнөт кетет.

Бул пост менен менин айрым досторума, Илим кетсе ордуна мен барып калаармын деп буту бутуна тийбей жүгүрүп, чуркап, уктай албай калган эр, кыз азаматтарыбызга кайрылып, суранып кетейин дедим эле.

Негизи кыргыз эли өзүнүн өзгөчө айкөлдүгү, сабырдуулугу менен дагы айырмаланып келет эмеспи. Муну сиздер деле патриоттук сезимиңер ойгоно калганда баса белгилеп жүрбөйсүздөрбү. Ушунча мага чыдап келдиңиздер, бул өзү эле чон эрдик, эми ташы калдыбы, дагы бир аз чыдап коюуңуздарды суранам! Андан көрө ден соолугубузду, жакындарыбыздын аманчылыгын, өлкөбүздүн тынччылыгын тилеп туралы. Чубак ажыбыз айткандай – сабыр достор, сабыр!

Иш күнүңүздөр ийгиликтүү болсун!

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 31 = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: