Режиссер, сценарист Крис Колумбустун “Рождественские хроники 2” үй-бүлөлүк комедиясы жарыкка чыкты. Тасмада Санта Клаустун үйүндө кыргыз шырдак колдонулган. Тасманын биринчи бөлүгү эки жыл мурун чыккан. Сантанын ролун Курт Рассел ойногон.
Шырдак – бул кыргыздын улуттук кийиз килеми. Шырдак жасоо бир топ убакытты жана анын жасалгасы эң майда-баратына чейин ойлонуп иштөөнү талап кылат. Шырдак ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилген.
Шырдак сулп жана көз шырдак болуп экиге бөлүнөт. Сулп шырдак болгондо көз салбай жасалган сулп ою түшүрүлгөн шырдак. Илгери көбүнчө ушундай шырдактарды жасашкан. Сулп жасалган шырдакка караганда көз салынып жасалган шырдак жэңилирээк болот. Ошондой эле жасоо да тыкандык менен жасалат. Азыркы учурда килемдин бетинин түзүлүшү сымал кылып тегерек жана сүйрүсүнөн келген тегерек заманбап шырдактарды жасап келишет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ