Menu

Депутаттар жөлөкпулдар мыйзамы үчүн Социалдык өнүктүрүү министринин отставкасын талап кылышты

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамга киргизилген айрым өзгөртүүлөрдүн күчүнө кирүү мөөнөтүн узартууга багытталган «Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, баардык фракциялардын макулдугу менен дароо эле экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Эске салсак, мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, 3-16 жашка чейинки үч же андан ашуун балдары бар үй-бүлөлөр ай сайын жөлөк пул алмак. Анда жөлөк пул үчүнчү жана андан кийинки балдарга төлөнөт деп көрсөтүлгөн. Өзгөртүүлөр 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирмек. Бирок, Өкмөт ал мөөнөттү 2018-жылдын март айына чейин узартып берүү өтүнүчү менен кайрылууда.

«Биз талдап чыктык, эгер мыйзам күчүнө кирсе, 30 миң бала жашаган 16 миңдей үй-бүлө жөлөкпул алчулардын тизмесинен чыгып калат. Алар жалпысынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөр экен. Ошондон улам, дагы башка механимздерди таба алабызбы деген ойдо үч айлык мөөнөт сурадык. Бирок, сүйүнчү пул боюнча өзгөртүү ошол бойдон калат», – дейт Социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова.

Депутаттар чындыгында эле мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө айрым мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөр убагында алдынала так эсептөөлөрсүз шашылыш кабыл алынып калганын моюнга алышып, Өкмөткө абалды оӊдоо жаатында бир катар тапшырмалар берилди.

Ал эми айрым депутаттар өзгөртүүлөрдүн күчүнө кирүү мөөнөтүн 6 айга чейин узартууну сунуштады. Мындай сунушту биринчи премьер-министр Аскарбек Шадиев да колдоп, жөлөкпул жөнүндө мыйзамда көптөгөн өксүктөр бар экенин, бул маселени чечүү боюнча өкмөт баардык аракетин жасай турганын белгиледи.

Андан сырткары, бир катар депутаттар мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жүрүшүндө жана социалдык чөйрөдөгү коррупциялык жосундарды жоюу жаатында кетирилген кемчиликтер үчүн Социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова менен министрликтин жооптуу кызмат адамдарынын отставкасын талап кылышты. Министр эртеӊ Премьер-министрдин атына арыз жаза турганын билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − 86 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: