Menu

Каракчылыкка шектелип камакка алынган Монополияга каршы жөнгө салуу мамагенттигинин башчысынын уулу СИЗО-1ден бошотулду

Бөлүшүү:

Кечээ, 10-ноябрда КР Мамлекеттик монополияга каршы күрөшүү агенттигинин башчысы Шухрат Сабировдун уулу Аброр Бишкектеги СИЗО-1 мекемесинен бошотулду. Бул тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдирүүдө.

Маалыматтар боюнча, Алгач, ал Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан мамлекеттик унаа токтотуучу жайдан унаа уурдоо фактысы боюнча айыпталган.

Аброр Сабиров жана анын шериги Мухридин Муракимов 7-сентябрь күнү саат таңкы 04:00 чамасында Аброр Сабиров шериги менен биргеликте Ысык-Ата районунда жайгашкан унаа токтотуучу жайдын кароолчусун сабап, аны байлап, “Хонда Элизион” жана “Тойота Альфард” үлгүсүндөгү эки унааны уурдап кеткен деп айыпталган. “Хонда Элизион” жана “Тойота Альфард”  унаалары Сабировго таандык болгон, тергөөчү оң рулдуу унаалар Кыргызстандын мыйзамсыз алынып келинген деп шек саналып, Финподун тергөөчүсүн буйругу менен унаа токтотуучу жайга киргизилген.

Тергөө Сабиров менен Муракимовдун буга чейин Бишкектеги курулуш борборлорунун бирине келишкенин, ал жерден кол каптарды, ошондой эле жүзүн жашыруу үчүн беткаптарды, скотчту, хамут, унаага чылым күйгүзгүчтү сатып алышкандыгын аныктады. Алар дүкөндөн баарын сатып алып, унаа токтотуучу жайга жөнөшкөн.

Алар саат 04:00 чамасында унаа токтотуучу жайды 74 жаштагы киши кайтарып тургандыгын билип, унаа токтотуучу жайга кирүүгө аракет кылышкан. Иттердин үргөнүн уккан күзөтчү аймакты текшерүү үчүн сыртка чыккан. Аны көргөн Сабиров менен Муракимов күзөтчүнүн жанына чуркап барып түртүшкөн, ал жыгылып калган. Андан кийин, аны колу-бутун байлап, оозун скотч менен чаптап, күзөтчү отурган бөлмөгө алып киришкен.

Андан кийин кирип келгендердин бири жогоруда аталган унааларга барып, ал жерден Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын тергөөчүсүнүн мөөрлөрүн сыйрып, унааларды айдап кетишкен. Кетээрдин алдында кол салгандар күзөтчүдөн уюлдук телефонун тартып алышып, эгер алар бирөөнү жардамга чакырса, кайрылып келип өч алабыз деп коркутушкан.

2020-жылдын 9-сентябрында шектүү Аброр Сабиров кармалып, КР Кылмыш-жаза кодексинин “каракчылык” беренеси боюнча тергөө абагына киргизилген. Бирок, Чүй облустук ички иштер башкармалыгында тергөө жүрүп жатканда, кандайдыр бир себептер менен Сабирова менен Муракимов айыпталып жаткан берене өзгөртүлгөн. Ага себеп, алар чоочун адамдардын эмес өзүнө таандык унааларды айдап кетишкен. Мындан улам, эч кандай зыян келтирилген жок.

Белгилей кетсек, унаалар буга чейин Кыргызстанга мыйзамсыз алынып келингени айтылган, ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын тергөө органы мыйзамдуулугун аныктай элек болчу. Буга байланыштуу тергөөчүнүн чечими жана козголгон кылмыш иши боюнча автоунаалар камакка алынган.

Мындан тышкары, кол салгандар мамлекеттик унаа токтотуучу жайдын аймагына кирип келишкен жана ошол учурда автоунаалар Аброр Сабировдун жеке пайдалануусунда эмес, мамлекеттин карамагында болгон. Кылмышка шектүүлөр унаа токтотуучу жайга кирип келип, 74 жаштагы күзөтчүнү уруп, байлап, уюлдук телефонун тартып алышып, эгер кимдир бирөө жардам сураса, өлтүрүп салабыз деп коркутушкан.

Сурак учурунда жабырлануучу ага кол салгандар тарабынан болгон бардык коркутуулар жөнүндө айтып берген жана тосмо арыз жазган.

Кылмышка шектүүлөр өзүлөрү дүкөндөн керектелүүчү буюмдарды сатып алып Ысык-Ата районуна жөнөшкөндүгүн, ал жерде күзөтчүнү түртүп, колу-бутун скотч менен байлап, коркутуп, уюлдук телефонун алып кетишкенин айтышкан.

Чүй ОИИБдин тергөөчүсү баардыгын тактап жатып, кандайдыр бир себептерден улам КР Кылмыш-жаза кодексинин “Тергөө иштерине тоскоолдук кылуу” жана “үйдүн кол тийбестигин бузуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Ошол эле учурда, Чүй облусунун прокурорунун орун басары, биринчи класстагы юстиция кеңешчиси Р.С.Маженов айыптоо актысына кол коюп, ишти маңызы боюнча кароо үчүн сотко өткөрүп берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: