Menu

Белгилүү журналист Бүбүкан Досалиева капысынан келген илдеттен улам 62ге караган жашында дүйнөдөн кайтты

Бөлүшүү:

5-июлда кыргыз журналистикасынын чыгааны капысынан келген илдеттен улам дүйнөдөн кайтты.

Кыргыз маданий коомчулугу, журналистикасы жана “Азаттык” үналгысынын жамааты орду толгус оор жоготууга учурады. 5-июлда жылаажын үндүү журналист Бүбүкан Досалиева капысынан келген илдеттен улам 62ге караган жашында дүйнөдөн кайтты.

Бүбүкан Акматжан кызы Досалиева Кыргызстандагы белгилүү журналист жана илимпоз, саясат таануучу, педагог айымдардан эле. Ал саясат таануу илимдеринин кандидаты болчу. Ал КТРК, “Сары Өзөн Чүй” сыналгы каналдарын эгемендик доордо жаңы деңгээлге чыгарууга салым кошкон.

Б.Досалиева Жусуп Баласагын атындагы КУУда жана БГУда журналистика кафедраларында иштеп, жаңы муундагы далай журналисттерди тарбиялаган.

1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин “Эркин Европа / Азаттык үналгысынын” Кыргыз кызматынын “Азаттык Медиа” мекемесиндеги кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, сыналгы берүүлөрүнүн башкы редактору, сыналгы өндүрүш продюсери жана соңку учурда журналисти болуп иштеп келди. “Азаттыктын” сыналгы берүүлөрүнүн далай ийгиликтери анын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

Б.Досалиеванын Кыргызстандагы сөз эркиндиги менен басма сөз эркиндиги үчүн күрөшкө, кыргыз маданиятына кошкон зор салымдары жогору бааланып, “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери” ардак наамын (2005) алган эле. Ал Эл аралык Айтматовдук Коомдук академиянын журналистика боюнча академиги (1994) болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: