Бишкек шаарында бычак менен коркутуп, тоноочулукка шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 16-августта борбор калаанын тургуну Н.А. милицияга арыз менен кайрылып, ошол эле күнү саат 15.00 чамасында белгисиз адам анын үйүнө кирип кеткенин билдирген. Ал бычак менен коркутуп, эки телефонду, акчаны, алтын буюмдарды алып, качып кеткен.
Жабырлануучуга келтирилген материалдык зыян 67 миң сомду түзгөн.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Каракчылык” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.
Кийинчерээк кызматкерлер бул кылмышка шектүүнү кармашкан. Ал 1988-жылы туулган У.Д. болуп чыкты. Аны тергөө кызматына алып келишип, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына жаткырылган.
Азыркы учурда тергөө иш-чаралары жүрүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ