Menu

Беларустагы түркмөн студенттерине жынсы кийүүгө жана сакал коюуга тыюу салынды

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын Беларустагы элчиси Назаргулы Шагулыев бул өлкөдө окуп жүргөн түркмөн кыздарга жынсы шым жана юбка кийүүгө, балдарга сакал коюуга тыюу салды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

Беларуста окуган түркмөн студенттеринин билдиришинче, мындай талаптар элчилик кызматкерлери менен студенттердин жолугушуусу маалында айтылган.

«Элчи биздин түнкү клуб жана ресторандарга азыраак барышыбызды талап кылды. Кыздарга жынсы шым жана юбка кийүүгө тыюу салды. Сакалчан студенттер террорчуларга окшош экенин айтып, сакалчан жүрбөш керектигин эскертти», — деди студенттердин бири.

Азырынча бул боюнча Түркмөнстандын Беларустагы элчилигинен комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: