Menu

АКШ президенти Барак Обама демократияга болгон ишенимин бекемдеди

Бөлүшүү:

АКШ президенти Барак Обама демократияга болгон ишенимин бекемдеп, ачык рыноктор эркиндик менен гүлдөп өсүүнүн кыймылдаткычы экенин билдирди. Бирок жарандар бул артыкчылыктардан колдоно билүүсү үчүн өкмөт жан үрөп иштөөсү керектигин эскертти.

Обама 16-ноябрда Афинада сөз сүйлөп жатып, демократия бир кишиден жогору турарын жана дал ушул сапат аны туруктуу кыларын айтты.

Обама Дональд Трамп экөөнүн көз караштары ар башка экенин, буга карабай бийликти салтка ылайык өткөрүп берерин билдирди.

Каалаган талапкери жеңбесе дагы жарандарда ар дайым өз лидерин тандоо мүмкүнчүлүгү болуусу керектигин кошумчалады.

Барак Обама акыркы чет өлкөлүк сапары менен жүрөт. Ал ошондой эле Германияга барып, канцлер Ангела Меркел менен жолугат. Андан соң Барак Обама Перуда өтө турган Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык форумуна катышып, 19-ноябрда Вашингтонго кайтат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: