“Бишкек – Ош автожолунун тамтыгы чыгып бүттү, жүрүүгө болбой калды, авария көбөйдү. Көп жылдан бери биз айткандан тажабадык, Өкмөт убада бергенден тажаган жок, эч жылыш жок. 2014-жылы жолдун Бишкек – Кара-Балта жана Жалал-Абад – Маданият участогун калыбына келтирүү боюнча Ислам өнүктүрүү банкы менен келишим түзүлгөн. Ошондон бери каражаттан да, жолдон дагы дайын жок” – деди депутат Мирлан Бакиров Жогорку Кеӊеш жыйынында. Бул тууралуу КР ЖК басма сөз кызматы билдирди.
«Транспорт министрлиги калпын качан токтотот? Бишкек – Кара-Балта жана Жалал-Абад – Маданият участогун калыбына келтирүү боюнча Ислам өнүктүрүү банкы менен түзүлгөн келишимдин мөөнөтү эбак эле өтүп кеткен. Келишим шарттарына ылайык, аны создуктурган тарап жоопкерчилигин тартат. Келишимдин аткарылбай жатканына ким күнөөлүү? Келишимдин тагдыры азыр кандай абалда? Жол курулушу качан башталат? Бул тууралуу алигиче так маалымат жок», – дейт депутат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ