Menu

Тажикстанда Зеравшан жана Рама мөңгүлөрү тездик менен ээрип жатат

Бөлүшүү:

Тажикстандагы эң ири Зеравшан мөңгүсү өтө ылдамдык менен ээрип жатат. Соңку 40 жылда ал 1700 метр аянтын жоготкон. Анын төмөн жагында жайгашкан Рама мөңгүсү да ушундай эле кырдаалга туш болуп, акыркы жылда 85 метрге азайды.

Тажик окумуштууларынын иликтөөлөрүнө ылайык, Зеравшан мөңгүсү жыл сайын 40 метрге кыскарууда. Бул мөнгү Зеравшан менен Түркстан тоо кыркаларында жайгашкан. Ал жактан Борбор Азия үчүн эң маанилүү Зеравшан дарыясы башталат.

Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы Зеравшан бассейнинде миллион киши жашайт жана Өзбекстандын 6 миллион калкынын тагдыры дал ушул дарыядан көз каранды.

Тажикстан Гидрометеорология агенттигинин өкүлү мөңгүлөрдүн кыскарышы табигый көрүнүш экенин, бирок ылдамдыгы тынчсыздандырып жатканын билдирди. – Бул өтө чоң мөңгү, узундугу 25 чакырым. Элестетип көрүңүзчү, 40 жылда ал 1700-1800 метрге азайды, азыр узундугу 23 чакырымды түзүп калды, – деди ал.

Рама мөңгүсү болсо жыл сайын 85 метрге азайып, 1988-жылдан бери 2 чакырым 620 метрге кыскарган. Рама мөңгүсүнүн узундугу 9 чакырым, ал Зеравшан дарыясынын жогору жагында деңиз деңгээлинен 3500 чакырым бийиктикте жайгашкан.

Тажик окумуштуулары эгер температура жогорулай берсе, Тажикстандагы мөңгүлөрдүн жана дарыялардын келечеги чоң көйгөй жаратарын белгилешүүдө.

Борбор Азиядагы суунун 65% Тажикстанга туура келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: