Ташкент облусунун Кибрай районунда бир үй-бүлөнүн 16 мүчөсү газга ууланды. Маалыматтарга караганда, жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүлдү, курмандыктар жок.
Өзбекстан Ички иштер министрлигинин Тергөө департаменти окуя 1-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 5:30да болгонун кабарлады. Газга бир үй-бүлөдөгү 16 киши ууланган, алардын 11и бала болгон.
Мекемеден учурда кырсыктын себептери иликтенип жатканын кошумчалашты.
Өзбекстанда кыш мезгилинде газга уулануу учурлары көп катталат. Акыркы айда эле 20 киши өлгөн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ