Menu

Түркия Саймаитинин өлүмү тууралуу алгачкы маалыматын Кыргызстанга берди

Бөлүшүү:

Киши колдуу болуп каза тапкан кытайлык ишкер Айэркен Саймаитинин өлүмү тууралуу Түркиянын Башкы прокуратурасы алгачкы маалыматын Кыргызстандын Башкы прокуратурасына берди. Ал маалымат башпрокуратуранын сайтына кечээ, 29-ноябрда жарыяланды.

Андагы маалыматка таянсак, Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу төрт киши кармалган. Шектүүлөрдүн өздөрүнүн айтымында, Хусейин Ахметалиев 1991-жылы Ош шаарында туулган, Кыргызстандын жараны. 1988-жылы туулган Нормахамат Арипхонов да Кыргызстандын жараны экенин айткан. Али Исбех «сириялыкмын» десе, Абдуллах Энвер Өзбекстандын жараны. Алар тек-жайы тууралуу так, анык, ачык маалыматты айтпай жатканы кабарлаган. Алардын жанында өздүгүн тастыктаган документтери да жок. Учурда Түркия тарап да алардын жарандыгын так аныктоо боюнча иштеп жатат.

Түркиядан алынган маалыматтарындагы эки шектүүнүн Кыргызстандык экенин тактоо, аныктоо үчүн УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына берилгенин Башкы прокуратура кошумчалады.

Эске сала кетсек, эл аралык издөөдө жүргөн жеке ишкер Айэркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбулдагы отелдин багында отурган жеринен атып кетишкен. Каза болгон жеринде анын Range Rover үлгүсүндөгү машинасы табылып, 34 CC 2092 номуру Кыргызстандын Стамбулдагы Генконсулдугуна катталганы маалымдалган. Бул окуяга Кыргызстандын Стамбул шаарындагы мурунку башкы консулу Эркин Сопоковдун да аты аталган. Ал ээлеген кызматынан президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен бошотулган. Анын кызматтан алынышы боюнча Тышкы иштер министрлиги  расмий маалымат тараткан. Ал 28-ноябрда Бишкектен кармалып, камакка алынган.

12-ноябрда Айэркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип үч киши кармалып, экөө Кыргызстандык экенин Түркиянын ММКлары жазганда, биздин Тышкы иштер министрлиги  13-ноябрда “Саймаитини өлтүрдү» деген шек менен кармалгандардын үчөөнүн экөө Кыргызстандык” деген маалымат туура келбесин, алар оозеки гана айтканын, алардын жанында документ жок экенин билдирген. 14-ноябрда, Мамлекеттик каттоо кызматы: “А.Саймаитинин өлүмүнө шектелип кармалган Хусеин Ахметалиев менен Абдулла Энвер Кыргызстандын жарандары эмес жана аларга паспорт берилген эмес”,-деген расмий маалымат тараткан.

16-ноябрда Саймаитинин өлүмүнө шектелип төртүнчү шектүү кармалганы маалымдалган.

22-ноябрда Саймаитинин өлүмүн изилдеп, иликтөөгө Кыргызстан Түркиядан жардам сураган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 + = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: