Асел жапон жигити Теру Минагавага турмушка чыгып, Фукуока шаарында жашашат. Көптөн бери өз иштерин ачкысы келип жүргөн жаш жубайлар азиялык ашканадан турган ресторан ачышмай болушуп, бардык даярдыктарын соцтармактарда кабарлап келишкен. Ачылыш күнү, 29-ноябрь да келип, ресторандын эшигин ачышат.
Асел менен Теру алгачкы кардарларын чыдамсыздык менен күтүшсө да, бир да киши басып келген эмес.
“Чын жүрөктөн даярданганбыз, азык-түлүк жогорку сапатта эле, тимеле үйдөгүдөй даярдаганбыз. Эми бул тамак-ашты ыргытмак белек. Үйгө алып кетебиз, меймандарды аябай күттүм эле”, – деп жазат Асел. Ал эми жолдошу Теру жубайы ыйлап жатканда сүрөтүн тартып алып: “Эч нерсе эмес. Жаңы баштап жатабыз. Мен да биринчи бизнесимди ачканда, эч ким келген эмес. Бардыгы жакшы болот”, – деп жубаткан.
Аселдин соцтармактагы баракчасына дүйнө жүзүнөн колдоп жазгандардын саны күн санап өсүүдө. Биринчи күнү эле 50 миң киши колдоо көрсөткөн.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ