Menu

Өмүрүм маңыздуу өтсүн десеңиз, өзүңүздү баалай билиңиз

Бөлүшүү:

Адамдын ийгиликке жетишине, коомдо ордун табышына өзүн-өзү баалоосу түздөн-түз таасир этет. Ал эми өзүн-өзү баалоо деген эмне? Ага кантип жетишүүгө болот?

Өзүн-өзү төмөн баалоо – мында адам өзүнө, жөндөмүнө ишенбейт. Тартынчаак, уялчаак болуп, пикирин ачык айтуудан ийменип, өзүн күнөөлүүдөй сезип жашайт. Мындай адамдар дайыма айланасындагылардын айткандарына макул болуп, сын пикирден коркушат. Башкалардын талкуусунда калуудан, туура эмес чечим кабыл алуудан чочулашат. Ошондуктан эч кандай чечим кабыл ала беришпейт. Өзүн-өзү баалоосу төмөн адамдар өздөрүн ийгиликсиз адам деп билип, жакшы сапаттарын байкабайт жана баалабайт.

Өзүн-өзү адекваттуу баалоо – адам өзүн баалап, ар багытта өнүгүп, ийгиликтерине кубанып, жеңилүүлөрүн тажрыйба катары кабылдайт. Мындай өзүн-өзү баалоого ээ болгон адам өзүнө жана дараметине ишенет, кыйналбастан чечим чыгарып, өзгөрүүлөргө даяр болот жана андан коркпойт. Жашоодо койгон максатына ишенимдүү түрдө багыт алат.

Өзүн-өзү жогору баалоо – өзүнүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн өтө жогору баалайт. Айланасындагылар аны барктабай жатат деп эсептеп, мындан улам аларга текеберчилик, теңсинбөө менен мамиле кылат. Мындай адам өзүн курчап турган бардык адамдарга өзүнүн мыкты экендигин көрсөтүп, далилдегиси келет.

Балаңыздын өзүн-өзү баалоосу төмөн болбосун десеңиз…

Өзүн-өзү баалоо бала 5-6 жаштарда түптөлөт. Ал “мен”, “өзүм кылам” деген сыяктуу сөздөрдү айтуу менен өз алдынчалуулукка өтө баштайт. Балаңыздын мындай аракеттерине тоскоол болбоңуз.

Ата-энелер сынды катуу айтпастан, сылык түрдө билдириши керек. Айрыкча бирөөлөрдүн көзүнчө сындаганыңыз балаңыздын өзүн-өзү баалоосуна терс таасир этет.

Бала кезинде көп ооругандар өзүнүн башкалардай эместигин сезип, чүнчүп кетет. Эгер ал оорусун, кемчилигин теңтуштары улам айтып шылдыңга алчу болсо, бул баланын өзүн-өзү баалоосун андан бетер төмөндөтөт.

Балаңыздын пикирин угуңуз. Анын эмнени ойлогону, эмнеге ишенгендиги, кандай сезимде экендиги, эмне жөнүндө кыялданары ата-энеси үчүн маанилүү экендигин бала туюп билиш керек. Сиз анын өзүнө болгон көз карашына чоң таасир этесиз.

Балаңызды өз алдынча болууга үйрөтүңүз. Эгер дайыма башкарып гана турсаңыз ал улуулардын айтканын кылып, ага көнүп, өзү жекече бир иш-аракет кылуудан алыс болуп калат.

Кийим алууда өзү тандоосуна уруксат бериңиз. Бул баланын өзүн көз карандысыз, эркин сезүүсүн шарттайт. Анын тандап сатып алган кийими өзүнө жакшы төп келбей калса да мактаңыз.

Ар дайым балаңыздын кызыгуусун байкап, умтулуп жаткан нерселерине көңүл бөлүңүз. Ошондой эле эч убакта андан мыкты ырчы, белгилүү бийчи, атактуу сүрөтчү чыкпай тургандыгын айтпаңыз. Мындай кептерди айтуу менен сиз анын кандайдыр бир нерсеге болгон ынтызарлыгын өчүрүп, ишенимин жоготуп, өзүн-өзү баалоосун төмөндөтүп коёсуз.

Жардам бериңиз. Балаңыз үй тапшырмасын аткара албай жатса, дароо тилдегенге өтпөстөн, ал маселени биргеликте иштеген оң натыйжа берет. Себеби бул учурда балада ишеним пайда болуп, өзүн-өзү баалоосу алда канча жогорулайт.

Балаңызды улам-улам ар түрдүү жетишкендиктери: мектепте жакшы баа алгандыгы, спорттук мелдеште жеңишке жеткендиги, сонун сүрөт тарткандыгы, мыкты ырдагандыгы, сизге жакшы жардам бергендиги үчүн мактап туруңуз. Аны мактоо өзүн-өзү баалоосуна жакшы таасир тийгизет.

Эч убакта баланын терс аракетин жалпылап айтып тилдебеңиз. Аны менен сүйлөшүп жатканда “Сен мени эч качан укпайсың”, “Сен дайыма өзүңдү жаман алып жүрөсүң”, “Сенин эс тутумуң начар”, “Сенин көк беттенген жаман адатың бар” деген сыяктуу сөздөрдү колдонуудан алыс болгонуңуз оң. Анын ордуна “Мен сен өзүңдү жаман алып жүргөнүңдө абдан капаланам”, “Менимче, сен кунт коюп укканыңда, аны жасоо колуңдан келмек”, “Кел, анда ошол маселени чогуу иштейбиз” деген сөздөрдү айтуу максатка ылайык.

Өзүн-өзү баалоону жогорулатуунун жолдору:

Буга чейин кечеңдетип келген иштерди аткаруудан баштаңыз. Мисалы, тааныштарыңызга жазып же чалыңыз, үйүңүздү жана бакчаңызды жыйнап, автоунааңызды оңдотуп текшерүүдөн өткөрүңүз, документтериңизди иретке келтириңиз, даамдуу тамак жасаңыз. Мына ушундай буга чейин кечеңдетип келген жумушту кылуу өзүңүздү баалооңузду жогорулатууга оң таасир берет.

Мыкты билген нерсе менен алектениңиз. Бул ар кандай нерсе болушу мүмкүн. Сууда сүзүү, чуркоо, бийлөө, тамак жасоо, сүрөт тартуу, ыр жазуу ж.б. Бул сиздин мыкты өздөштүргөн жумушуңуз болгондуктан эргүү жана өзүңүзгө болгон ишеним пайда болот. Мындай иш-аракеттер менен өзүн-өзү төмөн баалоого каршы турууга болот. Жактырган жумушуңуз менен жок дегенде жумасына бир жолу алектениңиз.

Жетишкендиктериңизди эске салыңыз. Алгач ийгиликтериңизди эстөө бир аз оор болот. Бирок убакыттын өтүшү менен жетишкендиктериңиздин тизмеси улам толуктала баштайт. Сиз автоунаа айдаганды үйрөндүңүз, нечендеген сынактарды тапшырдыңыз, сизге керектүү болгон чоң суммадагы каражат топтодуңуз ж.б. Бул сыяктуу өткөн чактагы ийгиликтериңизди эстеп туруу өзүн-өзү баалооңузду жогорулатат.

Комплименттерди кабыл алганды үйрөнүңүз. Өзүн-өзү баалоосу төмөн адамдар комплименттерге аябай муктаж болушат. Ошол эле кезде аны туура кабыл алып жооп берүүнү биле беришпейт. Өзүңүздү ыңгайсыз сезип жаткан чакта да комплименттерди кабыл алууга көнүңүз. Дарегиңизге айтылган жылуу сөздөргө ыраазычылык билдирип баштасаңыз, убакыттын өтүшү менен аларга жооп берүү сизге оорчулук туудурбай калат. Анткени ал кезде сиздин өзүн-өзү баалооңуз бир канча жогорулап калган болот.

Күзгү менен сүйлөшүңүз. Кулакка жат угулганына карабай күзгүнү карап өзүңүздүн элесиңиз менен сүйлөшүүнү үйрөнүшүңүз кажет. Тек гана сүйлөшүп койбой, сиз эң мыкты, эң жөндөмдүү, эң ишенимдүү экениңизге өзүңүздү ынандырып сүйлөшүүңүз керек. Бул нерсе кызыктай көрүнүшү мүмкүн. Ага анчейин маани бербестен аткарып көрүүгө киришиңиз. Элесиңизди өз күчүңүзгө жана айткан сөздөрүңүздүн тууралыгына ишендириңиз.

Өзүңүздү башкалар менен салыштырбаңыз. Реалдуу жашоодо да, виртуалдуу жашоодо да өзүңүздү башкалар менен салыштырбаңыз. Интернетте баары жашоосун идеалдуу кылып көрсөтүү менен алек болушат. Андыктан жеке жашооңузду, өзүңүздү алар менен салыштырбаңыз. Андан көрө алар кантип ийгиликке жеткендиги тууралуу изилдеп билиңиз.

Колдой турган адам издеңиз. Сиз дайыма ишене турган адамдын болушу абдан маанилүү. Дос, курбулар өзүбүздү кандай сезишибизге, бактылуу болушубузга, өзүн-өзү баалообузга кыйыр түрдө болсо да таасир этишет. Ошондуктан өзүңүздү эркин сезген, маанайыңызды көтөрүп дайыма жылмайтып, көңүл көтөрө турган достордун курчоосунда болуңуз.

Кайрымдуулук менен алектениңиз. Башкаларга жардам берүү адамдын өзүн жакшы сезишин шарттайт. Ыктыярчы болуу жана кайрымдуулук менен алектенүү адамды кубандырып бактылуу кылат. Жардамга муктаж болгондордун арасында жүрүү менен өзүңүздө болгон нерселердин баркына жете баштайсыз.

Жаңы нерселерди үйрөнүңүз. Биринчиден, бул кызыктуу жана көңүлдүү болот. Экинчиден, сиз жаңы тааныштарды жана досторду табасыз. Атайын курстарга жазылуу менен жаңы көндүмдөргө үйрөнүп кетсеңиз болот. Балким, сизде көп жылдардан бери мыкты ашпозчу, колунан көөрү төгүлгөн чебер, мыкты сүрөтчү, кыйын шахматист ачыкка чыга албай катылып жүргөн чыгар.

Айзирек УРМАТБЕКОВА

Булак: Леди.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: