Menu

ЖЭБди жегендер кустурулуп, алды 17 жылга чейин камалат

Бөлүшүү:

Бир жылга чукул убакыттан бери созулган ЖЭБди модернизациялоодогу жемкорлук боюнча соттук териштирүү кульминациялык чекитине жеткени калды. 27-ноябрдагы Бишкектин Свердлов райондук соттук отурумда мамлекеттик айыптоочулар жарыш сөзгө чыгып, ири коррупцияга шектелген үлкөн чиновниктердин күнөөсү толугу менен далилденгенин бир ооздон белгилешип, акыркы сөздөрүндө ар кимисине тийиштүү жазаларды чегерүүнү судья И.Гилязетдиновадан өтүнүштү. Тизмеги менен берелик.

1. Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду 15 жыл эркинен ажыратып, мулкүн конфискациялап, дипломатилык рангын, «Манас» орденин алуу жана мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан үч жылга ажыратуу;

2. Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевди 11 жыл 3 айга эркинен жана мүлкүнөн ажыратып, бардык мамлекеттик сыйлыктарын алуу жана мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан үч жылга ажыратуу;

3. «Улуттук энергетикалык холдингдин» мурдагы башчысы Айбек Калиевди 17 жылга эркинен жана мүлкүнөн ажыратып, бардык мамлекеттик сыйлыктарын, анын ичинде «Даңк» медалын алуу жана айып пул иретинде 1 млн 627 миң 801 сом төктүрүү, «Тойота Лэнд Крузер» унаасын сатып, мамлекеттин эсебине алуу;

4. «Электр станциялары» ААКсынын мурдагы башкы директору Салайдин Авазовду 11 жыл 3 айга эркинен жана мүлкүнөн ажыратып, мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан үч жылга ажыратуу;

5. «Улуттук энергетикалык холдингдин» башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаровду 11 жыл
3 айга эркинен жана мүлкүнөн ажыратып, мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан үч жылга ажыратуу;

6. «Электр станциялары» ААКсынын Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Биримкуловду 11 жыл 3 айга эркинен жана мүлкүнөн ажыратып, мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан үч жылга ажыратуу;

7. Мурдагы каржы министри Ольга Лаврованы 7 жыл 6 айга эркинен ажыратып, баш коргоо чарасын өзгөртүп, сот залында камакка алуу;

8. Депутат Осмонбек Артыкбаев казынага 100 млн сом төккөнүн, ден соолугунун оордугун эске алуу менен жеңилдик берип, 50 млн сом айып салуу менен мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан үч жылга ажыратуу, сот залынан бошотуу чечимин чыгарууну судьядан суранды.

Мындан сырткары, ЖЭБди жеген желмогуздардан акчалай жана мүлк түрүндө «Электр станциялар» ААКынын капчыгына жана Каржы министрлигинин казынасына 5 млрд 439 млн 527 миң 482 сомду өндүрүү өтүнүчү келтирилди.

Камчы Кадыров

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 83 = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: