Menu

Бишкекте «Манас» эпосунун CD жана DVD дисктеринин бет ачары болду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 19-декабрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) уюштурган, манасчы Камиля Мамадалиеванын айтуусу боюнча «Манас» эпосунун CD жана DVD дисктеринин бет ачарына катышты. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Вице-премьер-министр «Манас» эпосу Кыргызстанды дүйнөлүк коомчулукка тааныткандыгын белгиледи. Анын айтмында, «Манас» эпосунун үчилтиги – дүйнөлүк маданияттын бермети, бардык этностордун жана улуттар аралык ынтымактын, толеранттуулук идеяларын бекемдеген, кыргыздардын тарыхын, философиясын, дүйнөтаанымын жана руханий маданиятын камтыган, кыргыз элинин кайталангыс эпикалык мурасы болуп саналат.

«Кыргыз элинин жана бүтүндөй өлкөнүн интеллектуалдык мурасы болуп саналган –«Манас» эпосу боюнча мыйзам 2011-жылы кабыл алынган. Ошондой эле «Манас» эпосу боюнча мыйзамда бир катар иш-чараларды өткөрүү чечими кабыл алынган. Алсак, манасчылардын чыгармачылыгын, аткаруу чеберчилигин өнүктүрүү жана аларды мамлекеттик колдоо багытында так тапшырмалар белгиленген», – деп белгиледи Чолпон Султанбекова.

Ал «Манас» эпосунун ата-бабалардан калган баштапкы түрүн сактап калуунун жана аны урпактарга өткөрүп берүүнүн зарылдыгын белгиледи.

««Манас» эпосунун үчилтигине илимий изилдөөнү уюштурууда, билим берүү уюмдарында жана чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларында «Манас» эпосун окутуп үйрөтүүдө, «Манас» эпосунун тексттерин бурмалоого жол бербешибиз керек», деди Чолпон Султанбекова.

Вице-премьер-министр «Манас» эпосуна байланыштуу объекттерди коргоо жана сактоо, ошондой эле улуу эпоско тийиштүү тексттерди, кол жазмаларды жана башка маданий баалуулуктарды табуу боюнча бир катар чараларды кабыл алуубуз керек деп белгилеп кетти.

««Манас» эпосун сактап калуу жана популяризациялоо максатында эпостун үчилтигин компакт-дисктерге жазып алуу, таратуу иштерин улантылат. Биз  сапаттуу жазып алууларды таратып, буга акча каражатын көбөйтүү керек», – деди Чолпон Султанбекова

Анын айтуусу боюнча Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргызпатент менен биргеликте, республикабызга таанымал маданият ишмерлери, жаш манасчылар аркылуу «Манас» үчилтигин жаңыча ыкма менен тартып, жайылтууну андан ары өркүндөтүү керек.

Жоолугушуда манасчылар вице-премьер-министр Чолпон Султанбековага “манасчы” наамын мыйзам аркылуу бекитип берүү суранычы менен кайрылышты. Анткени, азыр Кыргызстанда мындай наам жок  жана «Манас» айткандарга “артист” деген наам берилип келет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: