Menu

Атамбаевди куралсыздандыруу зарыл!

Бөлүшүү:

Улуттук Коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайында орун тартыш болуп калып, бул жактан азыркы тергөөдө олтурушкан мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовду Бишкектеги СИЗО-1ге которуу тууралуу атайын органдар тарабынан ходатайство жасалды…

Коомчулукта дароо эле СНБдагы кофмортабелдүү орун “башка бирөө” үчүн бошотулуп, алдын ала даярдалып жатканы тууралуу кеп жүрүп кетти!..

Ал тургай, адегенде тергөө иштери башталар алдында “Мага кармаганы келсеңер баарыңарды атып жок кыламын!”-деп телефон аркылуу коркуткан Бишкек мэри Албек Ибраимов “Жогорку Кеңештеги кечээги окуялардан кийин, мен башка бир “өтө маанилүү” адамга орун даярдалып жатса керек деп ойлоп калдым. Азыр мага кайда олтуруштун айрымасы деле жок, СИЗО-1ге которсоңор которо бергиле! – дегендей кайдыгер, тоңмоюн мамилесин билдирди.

Ушундан улам, менин эстутумумда дароо бир топ ассоциациялар жаралды: “снайпердик” мылтыгын алдын ала даярдаган, үйүнөн эч жакка чыкпай, “круговая оборона” тартибин сактамакчы болгон адам кийин кармалган соң, тез эле “жоошуп калып”, ал телефондогу үнүмдү башка бирөөлөр атайылап, компьютер аркылуу монтаждап жасашкан мен андай деп айткан эмесмин деп айтып чыкканы жылмайткан…

Бул трагедиялуу-фарс “тарых” арадан бир жыл өтуп-өтпөй, дал ошол калыбында кайра эле кайталанып, кечээ жакында эле экс-президент Алмазбек Атамбаев дагы Кой-Таштагы бийик коргондуу үйүнүн короосунда өткөргөн “он эки айылдуу колдоочуларынын” катышуусу менен өткөн сый-тамак алдындагы импровизацияланган жыйында “менде керек болсо винтовкасы да, тапанчасы да бар, өзүмдү-өзүм коргоого күчүм жетет!” – деген билдирүүсү нормалдуу адам тарабынан комментарийлөөгө жатпасы бышык. Ал эми Атамбаевдин: “Мен булардын сотуна барбаймын! Мен Кудайдын, элдин, тарыхтын сотуна даярмын!” – деген сөздөрү бир жагынан күлкүнү келтирсе, экинчи жагынан кыжырыңды кайнатып, жийиркентет.

Ушул сөздөр эми кечээ жакында эле мамлекетти, элди башкарган адамдын айта турган сөздөрүбү? Такыр сабатсыз, мыйзам, цивилизациялуу коом жана коомдогу жалпы кабыл алынган карым-катнаштардын мыйзамдык чектери жана жарандык жашоонун эрежелери тууралуу эч кабары жок, башка тирүү жан жок аралда (необитаемый островдо!) жалгыз жашап, андай түшүнүктөрдү эч билбеген жана жеке ички туюм-табиятында кабыл ала албаган башка бир жапайы адам айтса, бул сөздөр абдан, “куп” жарашмак!

Тилекке каршы, экс-президентибиздин чыныгы адамдык-парасаттык деңгээли ушунчалык чектелүү жан экен. Көрсө, кээде президенттик бийик кызматка деле интеллектуалдык-адамгерчилик, дегеле инсандык сапаттары абдан төмөн адамдар адашып келе берет окшойт. Арийне, буга таң калып деле болбойт: “А король-то, оказывается, голый! – деген жомоктон келген тарыхый учкул сөз бекеринен жаралган эмес тура, чиркин!?

А биз болсо адашып, анын эбак эле “алгачкы мультимиллионерлердин” бири болгонуна ишенип алып, ошол чириген байлыктарын өзүнүн инсандык-интеллектуалдык багажын арттырууга, ошонун аркасы менен өз элине, өлкөсүнө ак кызмат кылууга дилгир болуп, далалат кылып жүргөн уулдарыбыздын бири деп ойлоп алып, курулай ишенип жүрө бериптирбиз!..

Эми, элдин, тарыхтын Атамбаевдин бийликтеги кызматына кийин кандай баа берери табышмак деле болбой калган кезде арты азыртан эле айкындалып көрүнүп калгансып турган чакта, бул тууралуу чечмелеп, майдалап сөз кылбай эле коелук. Ал эми Кудай тууралуу айта турган болсок, ага баргандан кийин да, кечээги жыйындагы айткан сыяктуу демагогиялуу актанууларын айта турган болсо, ким билет, көп эле былжырай бербечи, башка адамдарды миң ирет алдасаң да мени эч качан алдай албайсың! – дегендей, абдан катуу кагуу жеп калышы да толук ыктымал…

…Кайра куруунун эң соңку жылдарында Ыраакы Чыгыштагы Аскердик трибунал аркылуу ичкич-жегич коррупционердигине карабастан, аскердик-чарбалык эң майлуу кызматтарды аркалаган прапорщиктердин бири төртүнчү ирет соттолуп калды. Эч кандай кайгырганы, өкүнгөнү деле сезилбейт. Акырында, өкүм чыккан соң, соттолуучуга эң акыркы сөз берилгенде, ал: “Мени мурдагы олтурган колонияга жөнөтсөңүз?” – деп өтүнүп, соттук залда өтө эле сейрек кездешүүчү, эриксизден пайда болуучу жымаюуну пайда кылган! Мурда үч ирет ал жакта олтурган адамга, сыягы, баары мурдатан жакшы тааныш болуп калгандыктан, ал үчүн мурдагы өзүнүн үйүнө (“Дом родной”!) кайрадан бара жаткандай эле туюлгандыр… Муну эске салып жатканымдын себеби, кечээ жакында бир кезде мыйзамды сыйлабай, асман-айга атырылган мэрлердин биринин “азыр мага кайда олтуруунун деле айрымасы жок!” – деген сөздөрү болууда…

Белгилүү болгондой, адам канчалык тырышып-тырмышпасын, баары бир, акыры айланып келип, өз жеке тагдырына баш ийип, жана да өзү аң-сезимдүү түрдө көп жасаган иштеринин жыйынтыгына күбө болот. Жакшы иштерди жасаса да, арам иштерди жасаса да, алардын баарын өз моюну, керт башы менен тартууга мажбурланат!.. Эгерде экс-президентке карата коюлуп, сөз болуп жаткан бардык айыптоолору сот аркылуу далилденип калса, балким, ал дагы сот өкүмүнөн кийин: “Менде бир өтүнүч бар, мени мурдагы бийлигим тушундагы премьер-министрлер, жогорку мартабалуу чиновниктер, мэрлер жана башка өзүмдүн эле эң жакын коллегаларым олтурган түзөтүүчү колонияга жөнөтсөңүздөр?” – деп суранат чыгар…

Муну эми азыр алдын ала айтуу кыйын. Анткени, Нюрнберг процессинен бетер созулуп кеткен Бишкек ЖЭБи, мэрлердин кылмыш иштери, кийинки жаңы ачылган жана улам “катарлары калыңдап, толукталып” бараткан соттолуучулар скамейкасынын запасы деле түгөнүп баратканы айкындалууда.

Азыр соттолуп жатышкан экс-премьер-министр Сапар Исаковду, мурдагы Бишкек мэрлери Кубанычбек Кулматовду, Албек Ибраимовдорду жана башка айрым адамдарды экс-президент Алмазбек Атамбаев “эч күнөөсүз адамдарды түрмөгө тыгып салышты!” – деп бир нече ирет айтканы маалым. Бул демагогиясы аркылуу коомчулук арасында “сталинчил-репрессиячыл” саясатты жүргүзгөн бийлик деген коомдук пикирди түзүү далалаты тургандыгы жашыруун деле эмес. Арийне, эл андай арзан баалуу спекуляцияуу агитацияга ишенген учуру эбак эле өтүп кеткен.

Цивилизациялуу коомдо бир гана мыйзам жана анын кыйшаюусуз аткарылган жоболору үстөмдүк кылууга тийиш. Ансыз, азыр биздин мамлекетибиз алдында төңкөрүш артынан төңкөрүш, кан төгүүнүн артынан кан төгүү уланып жүрүп олтуруп, эң акырында эң эле артта калган африкалык мамлекеттердин деңгээлине чейин түшүп калуу коркунучу жаралууда.

Анткени, андай коомдо бир гана жапайы, сабатсыз, билеги күчтүүлүк жана да арамдан табылган, керек учурда самандай сапырылып чачылган акча кудурети гана чечүүчү факторго айланат. Эми Кудай анын бетин ары кылсын дечи!..

А бирок, “булардын сотуна барбайм!” – деген сыяктуу сөздөрдү угуп олтуруп, аргасыздан мунусуна да макул болгуң келет. Адегенде тергөө жүрүп, сот иштери башталып, сот өкүмү чыккан соң, соттолгон адамдарга апелляциялык мөөнөт жана мүмкүндүктөр берилери белгилүү.

Эгерде экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кылмыш иштери ошол финалдык этапка чейин жете турган болсо, анын кыргыз мамлекетинин сотун тааныбаганын эске алып (өзү дал ушул мамлекеттин кечээги экс-президенти болбогонсуп жана да өз колу менен соттук реформа жүргүзбөгөнсүп, жана да президент Сооронбай Жээнбеков жеке секретарын дайындаган сымал сотторду да өз каалоосу менен дайындагансып!), экс-президентке байланыштуу кылмыш ишти андан ары карай ырааттуу түрдө улантуу зарыл. Апелляция кайра каралуучу узак мөөнөттү эффективдүү пайдалануу менен бирге, анын ушул азыркы кылмыш иштеринин баарына тең “апрель революциясынын” кандуу кылмыштарын жана азыр али ачыла элек көп жагдайларын кошуп туруп, Эл аралык Трибунал болгон – Гаага сотуна жөнөтүп, жалпы адамгерчиликке каршы жасалган кылмыш (преступление против человечности), мамлекеттик төңкөрүш сыяктуу жаңы жоболорду жана айыптоолорду кошуп туруп, Гаага сотунан адилеттүү түрдө карап чыгуусун өтүнүүгө болот. Анда абал азыркыдан да кыйла оорлошуп, соттолуучулардын катары ого бетер калыңдайт. Азыркы үч премьер-министр жана экс-президентке дагы бир экс-президент (Роза Отунбаева) жана башка көптөгөн жогорку рангадагы чиновниктер, саясатчылар кошулат. Албетте, аркы дүйнөгө кетип калып, кутулган Кадыржан Батыровдон башкалары!..

Асыресе, адилеттик жана мыйзамдык чекиттик жыйынттыкка умтулуу зарыл. Бишкекте бийлик саясатынын курмандыгына айланган 87 адамдын, Ошто өлгөн жана дайынсыз жоголгон 3 миңден ашуун адамдын арбактары да көрүндө жаткан бойдон көксөөлөрү биротоло сууп, аркы дүйнөдө эле эмес, бул биз жашап жаткан күнүмдүк, убактылуу дүйнөдө да адилеттик орносун!

А бирок, бул жерде өтө кооптондурган, олуттуу бир жагдай жаралууда. 2010-жылдын 6-апрелинде Алмазбек Атамбаевди үйүнөн СНБнын убактылуу кармоочу жайына алып кеткен маалда да дал ушул “курал маселеси” жаралып, ал кезде экс-президент турмак, али убактылуу өкмөттүн премьер-министри да боло элек Алмазбек Атамбаев өзүн өзү атып салууга аракет кылган деген кеп бар. Мунун канчалык чындык экендигин ким билсин, а бирок, ошол кармоого катышышкан кызматчылардын маалыматынан оңой эле тактоого болот. Атамбаев азыр да дал ошондой провокацияга барбайт, же азыр өзүн кайтарып жатышкан көптөгөн жаштардын айрымдарынын канын төгүү аркылуу жалпы эл арасына бүлүк салып койбойт деп эч ким кепилдик бере албайт!

Демек, “наградной” тапанча болмоктон нары, анын чоң атасынан калган ыйык-эстелик буюм болсо да, Алмазбек Атамбаевдин кечеги жыйында айтылган тапанча-мылтыктарын тез арада андан мыйзамдын чегинде тартып алып, андан соң, экс-президентке эч ким мындай буюмдарды бербей тургандай кырдаалды камсыз кылуу керек. Ансыз кырдаал такыр башкача, алдын ала айтып бере алгыс өңүткө карай бурулуп кетиши да толук ыктымал. А андай болгондон кийин – өтө эле кеч болуп калат!

Кандай болгон күндө да, экс-президентке байланыштуу соттук териштирүүлөр жана анын чыгарган жыйынтыгы мыйзамдуулукту сактоо боюнча кымындай да шек жаратпай турган жагдай камсыздалышы керек.

Ишенбек Муртазаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: