Menu

Азикең 3-революцияны “каалап” турганын жашырган жок

Бөлүшүү:

Өлкөдөгү эки революциянын көч башында туруп, ал кездеги жылбас бийликтин бир ыптасын жырып өткөн “бульдозер” атыккан Азикебиз, алдыдагы шайлоонун шарапатысыз деле өлкөдө революциялык кырдаалдын бар экендигин, берген маектеринде ачык эле айтыптыр. Анын пикиринде өлкөдөгү саясий жана экономикалык кыр-даал тумчугуп турганын айтат. Эл жеке өзүнө мына ушундай маселелер менен кайрылып жатышканын, ал турсун качан буйрук берсе, ошол күнгө даяр экендиктерин баса белгилейт. Маегинде: “Чындыгында, үчүнчү революцияны эңсегендер көп эле. Бир нерсени басым жасап айтып коюшум керек. Эки төңкөрүш кылып максатка жеткен жокпуз. Авторитардык режимди жок кылып, кетире албадык. Бүгүнкү бийлик өзү Жогорку Кеңеш, өзү өкмөт, өзү сот, өзү прокурор, каалаганын согот, каалагын торойт, ачуу чындыкты айтып кеңеш берейин десең укпайт, эски дос экени-ңе карабайт, кайра сени душман кылат. Мисалы, 2010-жылдагы революцияга катышкан СДПКчылардын баарды-гы көчөдө калган дагы мурдагы акаевчилердин көбү СДПК партиясына кирип алды. Мына ушул көрүнүшкө дагы коомчулукта коп нааразычылык бар. Ошол эле президенттин үзөңгүлөштөрү баары түрмөгө жатып калды. Албет-те, ар бир адам жеке кылмыш кылса жазасын алыш керек, бирок коомчулук булардын кылмыш кылганына ишен-бей турат. Сиз айткан 3-революцияны кылайын деген оюмда деле жок. 3-революцияны жасагым эле келип турат, бирок ошол революция жан-дүйнөнүн революциясы болуш керек. Эмне үчүн дегенде адамдын жан дүйнөсү, аң-се-зими өзгөрүлмөйүнчө президентти алмаштырып койгондон эч майнап чыкпай тургандыгына күбө болдук. Акаев-ди, Бакиев менен, Бакиевди, Атамбаев менен өзгөрттүк. Тилекке карты, коомдун, элдин жан-дүйнөсү өзгөрүлгөн жок”-деп билдирет Азимбек Бекназаров.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: