Анжиян шаардык сотунда Human.uz маалымат порталынын журналисти жана блогер Хуршид Далиевдин Анжиян шаардык акимчилигинин басма сөз катчысы Гүлшаной Кучкаровага каршы жазган доо арызы каралууда.
2019-жылы ноябрда Далиев укук коргоо органдарына кайрылып, шаардык акимчиликтин аткаминерин Интернетте аны кемсинткен пост жазгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартууну сураган.
Гүлшаной Кучкарова интернет колдонуучуларын Хуршид Далиевдин Telegram-каналына кирбөөгө үндөгөн. Мындан тышкары ал блогерди «саткын жана бузуку» деп атап, аны «Хизб ут-Тахрир» уюмуна тиешеси бар деп айыптаган.
Кийинчерээк Гүлшаной Кучкарова ачууга алдырып жибергенин билдирген.
Өзбекстандын Жогорку соту Гүлшаной Кучкаровага карата Административдик кодекстин «Жалаа жабуу», «Кемсинтүү» беренелери боюнча иш козголгонун билдирди.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ