Бишкек мэриясынын алдындагы шаардык машина башкармалыгы Бишкекке жол чырактарды орнотууга тендер жарыялады. Мындай маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Алардын маалыматына караганда, тендердин суммасы 3 миллион 74 миң 868 сомду түзгөн.
Бишкекке жол чырактар төмөнкү даректерге орнотулат:
— Махатма Ганди көчөсүнө;
— Ауэзов менен Көлбаев көчөлөрүнүн кесилишине;
— Орозбеков менен Щербаков көчөлөрүнүн кесилишине;
— Садыгалиев менен Жамгырчинов көчөлөрүнүн кесилишине;
— 7-апрел көчөсү, Улан-2 кичирайонуна;
— № 4 кичи району, № 17 окуу-тарбиялык комплексинин жанына.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ