Кантта өрт чыгып, кырсыктын кесепетинен 45 жаштагы киши каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, Чүйдө Кант шаарында өрт чыгып, 20 чарчы метрлик бөлмө күйүп кеткен. Анын кесепетинен 1974-жылы туулган К.А каза болуп, сөөгү табылган. Кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ