Menu

Жалал-Абадда Асилбек Текебаевди эскерүү жана китептин бет ачаары болуп өттү

Бөлүшүү:

«Ата Мекен, элим-жерим канатым, Сен тирегим, бүт өмүрлүк санатым…» Асылбек Текебаев

Бүгүн, 29-мартта Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында коомдук жана саясий ишмер, чыгаан журналист, Ата-Журтунун чыныгы патриоту Асылбек Текебаевге арналган эскерүү кечеси жана ага арналып чыгарылган китептин бет ачаары болуп өттү деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Коомдук жана саясий ишмер, калеми курч журналист Асылбек Текебаев мындан төрт жыл илгери, 2012-жылдын 28-мартында жүрөк оорусунан улам 51 жашында каза болгон. Анын көзү тирүү болгондо бүгүн 55 жашка толмок.

Коомдук жана саясий ишмер, чыгаан журналист Асылбек Текебаевди эскерүү жыйынына Жалал-Абад шаарынын тургундары менен жаштары, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары, КРнын социалдык коргоо министри Кудайберген Базарбаев, коомчулуктун өкүлдөрү жана апасы Тилла эне, бир туугандары, үй-бүлөсү менен жердештери катышты.

– Менин иним Асылбек Текебаев жөнүндө журналист-публицист жана жазуучу Кудайкул Жусупов «Кыргызстандагы демократиялык кыймылдын көрүнбөгөн активдүү карманы» деп айтканы чындык. Иним жөнүндө жазылган китеп ошол мезгилдин адамдары жөнүндө жазылган деп айтаар элем. Бийлик үчүн, кызмат үчүн иштебегендер көп болгондо гана мамлекет оңолот. 2010-жылы Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаев «Асылбекке кандай кызмат берели?» дегенде, мен биздин үй-бүлөдөн мамлекеттик кызматта бирөөнүн эле иштегени жетишет деп жооп бергенмин. Апамды ээрчип, бала чагыбызда бир нече айлап пахта тергенбиз. Мен физик боломун деп, ал эми иним Асылбек журналист боломун деп ниет тилек кылганбыз жана ал максаттарыбызга жетиштик,- деди КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Өмүрбек Текебаев.

КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары Асыя Сасыкбаева, Абдымуктар Маматов, Сайдулла Нышанов жана КРнын Өкмөтүнүн социалдык коргоо министри Кудайберген Базарбаев маркум Асылбек Текебаевдин коомдук саясий ишмердүүлүгү, Кыргызстандын чыныгы патриоту жана жөнөкөй адамгерчиликтүү таза инсан болгондугу туурасында өз ойлорун ортого салышты.

– Тилла апа, мамлекеттин кызматына жараган азамат уул-кыздарды тарбиялап өстүргөндүгүңүз үчүн Сизге терең ыраазычылыгымды билдиремин,- деди КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Асыя Сасыкбаева.

– Биз бүгүн кыргыз элинин ар-намыстуу чыныгы патриот уулу, калеми курч журналист, коомдук жана саясий ишмер Асылбек Текебаевди эскерүүгө арналган иш чарага жана анын ишмердүүлүгү баян эткен китептин бет ачаарына чогулуп олтурабыз.  Калеми курч журналист, кыргыз элинин чыгаан патриоту, коомдук жана саясий ишмер Асылбек Чиркешовичти биздин арабыздан шум ажал 2012-жылы 29-мартта  алып кеткен. Кыргыз элинин жашоо-турмушун жакшыртуудагы анын көптөгөн асыл ой-максаттары өзү менен кошо кете берди. Турмуштун башка салганына көнбөскө, алмустактан келе жаткан жашоонунун мыйзамына баш ийбеске айла да, чара дагы  жок экен.

Асылбек Текебаев алгачкы эмгек жолун  Базар-Коргон райондук «Эмгек жалыны» газетасында кабарчы болуп иштөө менен  баштаган. 1991-жылы Жалал-Абад областы өз алдынча бөлүнүп чыккандан кийин, областтык «Акыйкат жарчысы» газетасында кабарчы, башкы редактордун орун басары кызматтарында чыгармачылык менен демилгелүү иш алып барды. Кийинчерээк Жалал-Абад шаардык «Мезгил үнү» газетасында башкы редактор катары өзүнүн уюштуруучулук жөндөмдүүлүгүн дагы ар тараптан кеңири ача алды. Жалал-Абад областынын тарыхында биринчи жолу эркин коомдук-саясий «Позиция» газетасын чыгарып, анын башкы редактору катары эмгектенди. «Сентябрь» телеканалын ачып, анын уюштуруучусу жана жетекчиси катары татыктуу иш алып барды.

Асылбек Текебаев чыгаан журналист катары коомдук турмушта плюрализм менен демократияны орнотууга өзүнүн татыктуу салым кошо алды деп ишенимдүүлүк менен  айта алабыз. Коомдук турмуштагы жат көрүнүштөргө ал чыдап тура алчу эмес. Жаңы кыргыз тарыхындагы эки ыңкылаптын башында дагы тайманбастан карапайым эл тарапта, чындык тарапта болду. Чыркыраган чындыкты туу туткан Асылбек Чиркешович карапайым элдин турмушун биринчи орунга коюу менен аны ар тараптуу кең-кесири чагылдыруу менен ошол кездеги бийликтин туура эмес саясатын ачык эле  сындагандардын сап башында болгон. Акаевдин авторитардык-диктатордук күчтүү бийлигинин тушунда өлкөнүн турмушундагы адилетсиздикти, туура эмес жүргүзүлүп жаткан саясатты ар ким эле ачык айтып чыга алчу эмес. Ал анын запкысын дагы көп тартты, бирок эч качан ийилип сынбады, майтарылбады,  башын жерге салбай кайра чыйралып турду. Кыргыз журналистикасынын тарыхында Асылбек Текебаев жаңычыл көз караштарды коомчулукка ачык алып чыккандардын алдыңкы сабында болгон  десек жаңылган болбойбуз.

Асылбек Текебаев коомдук жана саясий ишмер катары дагы өзүн эң мыкты жактарын көрсөтүүгө жетишти  десек болот. Ал Базар-Коргон райондук кеңешинин депутаты катары райондун социалдык-экономикалык жана маданий турмушун жакшыртууга опол тоодой эмгек жумшагандыгын эли-журту жакшы билет. Райондук кеңештин депутаты мезгилиндеги анын жасаган иш аракеттери адилеттүүлүк менен бааланып, Базар-Коргон районунун борборундагы көчөгө анын ысмы ыйгарылды. Асылбек Чиркешович саясий ишмер катары дагы өзүн ар тараптан аттын кашкасындай  көрсөтө алды десек болот. Ал көп жылдар бою «Ата Мекен» социалисттик партиясынын Жалал-Абад областындагы координатору катары үзүрлүү  эмгектенген.

Биздин жердешибиз Асылбек Текебаев аз, бирок өтө саз жашады деп ишенимдүү айта алабыз. Бүгүн көзү тирүү болгондо бүгүн 55 жашка толмок. Анын ишке ашыра албай калган асыл ой-максаттары менен аруу-тилектерин калемдеш санаалаш достору, партиялаштары менен бир туугандары, өмүрлүк жары менен уул-кыздары татыктуу улантып келе жатышат. Бүгүнкү  иш чаранын өзү  дагы мунун айкын  бир мисалы десек туура  болот,- деди өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов.

Коомдук жана саясий ишмер, чыгаан журналист, Ата-Журтунун накта патриоту Асылбек Текебаевди эскерүүгө арналган жыйында анын мугалимдери, классташ курбу достору, калемдеш кесиптештери менен жердештери анын өмүрү жана ишмердүүлүгү туурасындагы жакшы ой-пикирлерин жана эскерүүлөрүн ортого салышты. Эскерүү кечеси өнөрпздордун кеңири программадагы концерттик программасы менен коштолуп барды. Кеченин катышуучуларына жазуучу жана публицист, журналист Кудайкул Жусупов тарабынан жазылган  Асылбек Текебаев туурасындагы китеп белек катары тартуу кылынды.

Жолдошбай Осмонов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: