Menu

Тажикстандын чек ара аскерлери күжүрмөн даярдыкка келтирилди

Бөлүшүү:

Тажик бийлиги Ооганстандын чек арага жакын жайгашкан Кундуз шаарындагы кырдаалга байланыштуу өлкөнүн чек ара аскерлери күжүрмөн даярдыкка келтирилгенин билдирди.

Тажикстандын Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Мухаммад Улугхожаев бийлик Ооганстандын күчтөрү менен Талибан кыймылынын ортосундагы айыгышкан согуштар тууралуу кабардар экенин билдирди.

Ал азырынча Тажикстандын чек араларына коркунуч бар деп айта албастыгын белгиледи. Анткен менен коргонуунун алдынкы катарына чек арачылар, кийинкисине Коргоо министрлигинин аскерлери жайгаштырылды. Зарыл болгон учурларда алар чек арачыларга жардамга барышат.

3-октябрга оогон түнү Талибан күчтөрү Кундуз шаарына чабуул коюшкан – шаар Тажикстандын түштүгү менен чектешкен провинцияда жайгашкан.

Андагы сагылашууларда өкмөттүк күчтөрдүн көп аскери курман болду. Кундуз шаарына жасалган чабуул шаардын Талибан согушкерлери тарабынан басылып алынгандыгынын бир жылдыгына туура келди. Анда талиптер Кундуз шаарын 3 күн бою өз карамагында кармап тура алышкан.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − 22 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: