Menu

Ак караны ажыратаар убакыт алыс эмес…

Бөлүшүү:

Азыр Кыргыз Улуттук Университети тарапка кулак түрбөгөн, ал
жөнүндө жазбаган басылма калган жок болсо керек. Жолуккан
тааныштар, чала тааныштардын бардыгы “эмне болуп жатасыңар?” деген суроодон башташчу болду учурашаар замат эле. Эмне болсун… Болоору болду. Ал жөнүндө тергөө аягына чыкканча ой кошпой туралы. Антпесек: “Тергөөнүн жүрүшүнө тоскоол жаратып жатат” дегенди да шоотуп жиберчүлөр бар эмеспи. Азырынча бул  маселенин тегерегинде тилибизди тишибизге катып туралы.

Кепти университетке жаңы ректордун келишинен баштаганыбыз оң. Коргоо кеңешинин “Бир ЖОЖ – бир юридикалык жак” – деген чечимин ишке ашыра баштоо жаш адис жаңы рек тор Чынара Адамкулова ишке киришкен учурга дал келди. КУУда ошол мезгилде университеттин өзүнөн башка же институт, өзү менен сегизюридикалык тарап бар эле.  Башкарууну оптималдаштыруу үчүн ошол жети институтту жоюп, факультетке айландыруу зарылчылыгы турган. Бул маселе КУУнун Окумуштуулар кеңешине коюлуп, колдоо тапкан. Ошол институттар беш жыл мурда факультеттер эле болуп, жакшы эле иштеп жа тышпады беле. Институтка айланган ошол факультеттерде өздөрүнчө кадрлар бөлүмү, студенттик кадрлар бөлүмү, эл аралык бөлүм, окуу бөлүмү, бухгалтериялары уюшулган. Бул ойду ишке ашыруу маселеси адегенде эле каршылыкка учураганы белгилүү. Өзгөчө институттардын директорлору “өз алдынча хандыктан” ажырагылары келбегени турган иш эле. Кимдин эле бийликтен, акчаны жумшоого болгон эркиндиктен, жеңил автомашинадан өз эрки менен ажырагысы кел син. Болсо болгондой жасоо керек эле. Ошентип институттардагы башкаруу тутумдары 90 пайызга кыскарган. Андагы 60 миллион сом үнөмдөлдү. Бул акча бюджетти окуткан профессор-окутуучулардын маянасын 4500, контракты окуткандардыкын 2000 сомго жогорулатууга мүмкүнчүлүк берди. Канча жылдар бою берилбей изи сууп бара жаткан он үчүнчү айлык берилди.
Баса, институттардан кыскаргандарды эч ким көчөгө чыгарып салган жок, дээрлик бардыгына иш таап берилди. Университетке жетекчиликти жакшыртуу үчүн башкарууда автоматташтырылган маалымат бөлүмүнүн жардамы менен ишке киргизилди.Жаңы ректордун бул саамалыктарын КУУнун жалпы жамааты туура түшүнүп, колдоо менен кабыл алды. Бирок… “Акырын бассаң – аксак, катуу бассаң — таскак” деп турмайыбыз бар эмеспи. Өзгөчө майлуу орундарынан козголуп кеткендер ар түркүн ушактарды жайылтышып Ч.Адамкулованын алгылыктуу иштерин ачыктан-ачык эле корсунтуп жүрүшкөндөрү биринчи кезекте алардын өздөрүнабийир алып келбейт. Алар тараткан ушак-айыңдарга “Көк ит көрүп үрөт, көп ит көрбөй үрөт” болуп, айың кепти андан ары таркатып жүргөндөр да жок эмес. Өлкөнүн жетекчилиги менен Билим берүү жана илим министрлиги андай ушак сөздөргө ынанбайт, ак ийилет, бирок сынбайт деп азырынча баяныбызды кыскартып туралы.

Р.S. Кечээ, Кабар агенттигине Улуттук университеттин аттуу-баштуу окутуучулары келип атайын пресс-жыйын өткөрүштү.
Учурда далай адистерди даярдап чыгарган тарыхы бай бул окуу жайдагы абал тууралуу сөз болду. Албетте, университеттеги мындай жагымсыз кырдаал иликтенип, аягына чыгат деп ишенебиз. Далай окумуштууларды, өлкөбүздүн каймагы болгон элитаны, далай мыкты адистерди даярдап чыгарган Улуттук университеттин келечеги кең.

колМирлан АЛЫМБАЕВ

Булак: “Жаңы Агым”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: