Бүгүнкү күндө коронавирусту аныктоочу 45 миң ПЧР тест-системалар бар. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда Мамсанэпидемкөзөмөл департаментинин директору Абдыкадыр Жороев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан ПЧР тесттерди өлкөгө көбүрөөк алып келүү жана резервге сактоо маселеси боюнча иш алып барып жатат.
“Жасалып жаткан иш-чаралардын негизинде, түндө Кытайдан гуманитардык жардам катары 10 миң ПЧР тест-система келип түштү. Андан сырткары, Белоруссия мамлекетинен 100 миң изилдөөгө жана Түркия мамлекетинен 60 миң изилдөөгө жете турган тест-системанын келиши күтүлүүдө” – деп билдирди Абдыкадыр Жороев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ