Menu

Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт элдин ишенимин, үмүтүн актадыбы?

Бөлүшүү:

Уран Рыскулов, “Кыргыз чоролор” коомдук уюмунун иднология бөлүмүнүн жетекчиси:  “Премьер-министр сары улактын гана кызматын аткарат”

– Өкмөт элдин, үмүтүн, ишенимин актаган жок. Актабайт дагы. Чынында премьер-министрдин кызматы сары улактын гана кызматын аткарат. Кокус президенттин жана депутаттардын элди иренжите турган кыңыр иштери билинип калса эле премьерди садага чаап, Өкмөттү таратшат. Бул бир жагы. Экинчи жагы ушул өкмөт 28 жылдан берки өкмөттөрдүн чыныгы жүзүн ачты. Булар жооптуу кызматты аркалашканы менен өздөрүн кете турган келиндей эле сезишет. Коомго өзгөртүү киргизе албасына көзү жеткенден кийин, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып жеш керек деген система орноп калган. Ушул көз карашты өзгөртүп, Өкмөттүн аппаратын жоюп, анын милдетин президентке жүтөш керек.

Каныбек Осмоналиев, профессор: “Өкмөт элдин ишенимин актаган жок”

– Өкмөт элдин ишенимин актаган жок. Бул кашкайып эле көрүнүп турган чындык! Бирок президенттин ишенимин актадыбы-жокпу ал белгисиз. Себеби президент Өкмөткө, өкмөт башчыга кандай локалдык тапшырмаларды бергени калың журтка белгисиз. Ошондуктан бул Өкмөт мен үчүн чоң бир ачылбаган сырдай эле болуп калды. Убакытты бекер эле текке кетирип жүрүшөт. Адилеттүүлүк үчүн айтып коюшум керек. Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова баштаган социалдык блок бир аз жанданып калды. Бул кубантат, чынында азамат экен! Бирок аларды деле өкмөттүн эбегейсиз инерттүүлүгү менен жалкоолугу катуу тушап тургандай.

Эркингүл Иманкожева, экс-депутат: “Өкмөт эл күткөндөй жыйынтык бере албай жатат”

– Өкмөт жоопкерчиликти сезип, элдин үмүтүн актоого аракет жасап жатат. Бирок негедир аябай жай иштеп, эл күткөндөй жыйынтык боло элек. Менимче кадр маселесинде өкмөт башчы бирөөлөргө көз каранды болуп, ошол жагынан аксап жаткандай. Негизи иш билги кадрлар баарын чечет. Алар мамлекетти өргө да сүйрөйт. Андай мыкты кадрлар, кесипкөй адамдар ишке тартылбаса, мамлекет кантип өнүкмөк эле? Ошондуктан эрте күндү кеч кылбай, ишин жөндөй албагандардан арылып, иш билгилерди кызматка тартыш керек.

Өмүрбек Абдырахманов, экс-депутат: “Эптеп-септеп жүрө беришет”

– Реформа болбогондон кийин элдин үмүтүн актабаса деле эптеп-септеп иштемиш болуп жүрө беришет да. Качан чыгынып, кызматтан алып таштагыча илең-саландан арылышпайт.

Надира Нарматова, экс-депутат: “Өкмөт чайналып жүрө берет”

– Өкмөттүн курамы жана анын вертикалдык бутактарындагы кадрлардын деңгээли өтө төмөн. Башкача айтканда, сапатсыз кадрлардан куралган. Ошондуктан Өкмөттүн иши алдыга жылбайт, илгерилебейт. Бул Өкмөт элдин ишенимин, үмүтүн актамак тургай “өгүз өлбө, араба сынба” деген таризде, күнүмдүк өрт өчүрүүчүнүн милдетин аткаруудан өйдө көтөрүлө албайт. Кызматтан алып таштаганча кыйратып иштебейт же иштебей койбой чайналып жүрө беришет.

Сонунбүбү Кадырова, акын: “Мамлекетке маселенин күрөө тамырырнан кармаган реформатор керек”

– Ар бир кызматка келген жетекчи ак тилек аруу ниет менен ишимден жакшы жыйынтык чыгарам деп келет. Ар келген жетекчинин баскан-турганын, сүйлөгөн сөзүн эл аңдып, жакшылык күтөт. Жылт эткен жакшы нерсеге сүйүнүп колдоп, жөлөп турат. Ошентсе да азыркы мезгил өтө олуттуу өзгөрүүлөрдү талап кылат. Башкача айтканда, жаңыча ой жүгүрткөн, маселени күрөө тамырынан кармап, ошону жан дүйнөсү менен сезип турган оттой кадрлар ишке тартылышы керек эле. Тилекке каршы, бул Өкмөт андай кадрларды издебей эле, элдин ишеними кеткен, иштин көзүн таба албаган кадрлар менен иш кылып жатышат. Ошон үчүн элдин үмүтү акталбай жатат. Азыр өлкөгө олуттуу реформа керек. Бирок реформатор жетекчилерди көрө албай турам.

Собол салган: Чынайым Кутманалиева 

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 63 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: