Азыркы тапта 800 миңден ашык кыргызстандык миграцияда жүрөт. Бул тууралуу 18-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.
Депутат Бактыбек Турусбеков («Бир Бол») мыйзамсыз канча паспорт берүү фактысы катталганына кызыкты.
“Өзүңөр көрүп турасыңар, кайсыл өлкөлөрдө кыргыз паспорту бар кишилер кылмыш жасап жатат. Бизге жок дегенде сан жагынан мүнөздөмө бергилечи”, – деди депутат.
Мамкаттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетов мындай фактылар бар экенин, анын ичинен Кытайдын 98 жаранынан жасалма паспорт табылганын айтты.
“Бул биздин паспорттор эмес, а жасалма паспорттор. Дүйнөдө кыргыз паспортун гана эмес, Американын, Европанын да паспортторун жасап келишет”, -деди Мамбетов.
Депутат мыйзамсыз берилген паспорттордун санын тактады.
“Грузиянын криминалдык топторуна мыйзамсыз кыргыз паспорттору берилген, Өзбекстандагы ислам кыймылынын башчысы Тахир Юлдашевден кыргыз паспортун табышкан, казак оппозиционерлерден да чыккан. Мунун бардыгы мыйзамсыз берилген паспорттор”, – деди мамкаттоо башчысы.
Депутат Турусбеков бул маселе боюнча УКМКнын өз позициясы болуш керектигин белгиледи.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ