Menu

Гиннестин рекорддор китебине сунуштайм

Бөлүшүү:

–         КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин отургучун кучактап, көптөн бери көгөрүп отурган, ал тармактын тарпын кетирип, көптөгөн көйгөйлөрүн чече албаган Талантбек Батыралиевди;

–         Өлкөнүн президенттик талапкерлигине өзүнүн өпкөсүн чаап, кайра-кайра талапкерлигин коюп өтө албай жүргөн Арстанбек Абдылдаевди, Адахан Мадумаровду, Арстанбек Малиевди, Токтайым Үмөталиеваны, Темир Сариевди;

–         Жогорку бийликтин бир бутагынан экинчи бутагына буйдалбай секирип жүргөн Аскарбек Шадиевди, Толкунбек Абдыгуловду, Кубанычбек Кулматовду, Дүйшөнбек Зилалиевди;

–         Кошоматка кой союп жагалданып, жасакерленгендиги боюнча ЖК депутаттары Кубанычбек Жумалиевди, Сайдулла Нышановду, Алмазбек Эргешовду;

–         Кой оозунан чөп албаган момун, жооштугу боюнча Улуттук электр холдингдин төрагасыАйбек Калиевди жана Жогорку Кеңештин сексен пайыз депутаттарын;

–         Бир жээктен экинчи жээке желпинип жеңил секирип жүргөн Бакыт Төрөбаевди, Турсунбек Акунду;

–         Эмгек дегенде эт-бетинен кеткен, иш дегенде ичип жаткан стаканын ыргытып ийген Албек Ибраимовду;

–         Чоң муштумдугу боюнча айыл чарба министри Нурбек Мурашевди, ЖК депутаты Камчыбек Жолдошбаевди;

–         Кыргыз болуп төрөлүп, “киргиз” болуп жашап жаткан Феликс Куловду, Кубанычбек Кулматовду, Уран Ахметовду.

Сунуштаган    Асан  АКМАТОВ

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 26 = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: