Menu

Президенттик шайлоого карата Өзбекстанга байкоочулар бара баштады

Бөлүшүү:

Өзбекстанга КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулар тобу барды. Адистер даярдык көрүү иштерин баштаганы кабарланууда.

КМШдан барган байкоочулардын ишмердүүлүгүн координациялоо үчүн Ташкентте миссиянын штабы иштейт. Анын максаты — шайлоо жараянынын жүрүшү тууралуу материалдарды топтоо жана анализдөө, шайлоо мыйзамдарына укуктук экспертиза жүргүзүү жана телеканалдар менен радиолордогу, ошондой эле басылмалар менен интернет сайттардагы маалыматтарды карап, талапкерлердин шайлоо алдындагы жолугушууларды өткөрүүсүнө байкоо жүргүзүү.

Өзбекстан Боршайкому Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар менен адам укуктары боюнча бюросунун миссиясынан, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинен, Шанхай кызматташтык уюмунан, Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясынан жана Ислам кызматташуу уюмунан 90дон ашык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү.

Өзбекстанда президенттик шайлоо 4-декабрда өтөт. Анда башкы талапкер катары өлкөнүн премьер-министри жана президенттин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев эсептелүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 + = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: