Бишкек шаарынын коменданты жарандарды жазгы бакча жумуштарын жүргүзүү үчүн алардын дачаларына кирүүгө мүмкүнчүлүк бериши керек. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде айыл чарба министри Эркинбек Чодуев түз эфирде билдирди.
Анын айтымында, айыл чарба министрлиги бардык региондордогу жергиликтүү бийлик органдарына дачачыларга тоскоолдук кылбастан, тескерисинче жазгы бакча иштерин жүргүзүп жаткандарга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган.
“Посттордо тургандар адамдарды өзүлөрүнүн жашылча өсүмдүктөрү эгилген жерлерине, бакчаларына баруусуна уруксат бериши керек. Бишкектин жашоочулары өздөрүн камсыз кылуу үчүн жашылча-жемиш өстүрүүгө даяр. Ошондой эле биз, фермерлер өз продукциясын борбордо сатуу үчүн “жашыл коридор” ачууну суранабыз”, – деди Эркинбек Чодуев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ