Menu

Эл өкүлү тарабынан өрдөк учтубу?

Бөлүшүү:

Курманбек Мамбетов аттуу «фейсбук» колдонуучусу өз баракчасына орус тилинде кызыктуу билдирүү жазып чыкты. Биз ал билдирүүнү кыргызчага которуп өзгөртүүсүз бердик:

«Элди паника кылган ушак тараганына 3-күн болууда. Алардын айтымында Путин ФСБге Кыргызстандан чыккан контрабандалык товарларга бөгөт коюну өтүнгөн. Аныгында кандай?

Мен эринбей маалыматтын түпкү булагынан окуп чыктым. Орусиянын Борбордук Банкы берген мыйзамсыз товар жана акча жүгүртүү боюнча маалыматтан кийин ФСБ тарабынан чындыгында тапшырма болгон. Бирок ал жерде Кытайдан Кыргызстанга контрабандалык товар келет деген сөз жок. Кептин баары Орусияга Кыргызстандан жана Казакстандан товар кирип, ал ички базарда сатылып, бирок эч кандай салык төлөнбөй түшкөн каражат «серый» схема менен чыгарылып кетип жаткандыгында.

Баса белгилейин, бул Орусиянын аймагында болуп жаткан Орусиянын мыйзамын бузуу болуп саналат.

ЕАЭС өлкөлөрүнүн арасында бажы чек аралары жок. Ошондуктан Кыргызстандан Орусияга товар ташууда контрабанда болушу мүмкүн эмес. Ал эми Орусиянын аймагында кимдир бирөө мыйзамды бузуп жатса анда бул жерде биздин айыбыбыз жок. Мыйзамды бузгандар менен ФСБ эсептешсин.

Орусиялык басылмалар Путиндин рынокко карата көз карашын төмөнкүдөй чагылдырууда:

Эркин басылмалардагы кезектеги текст:

—Орусия президенти В. Путин министрлер кабинетине жана ФСБга орусиялык рыноктун ичинде жүргүзүлүп жаткан көлөкөдөгү товар айлантууну көзөмөлдөө жана күрөшүү боюнча тапшырма берген. «Интерфакстын» маалыматы боюнча тапшырма февраль айынын аягында берилген жана Центробанктын төрагасы Элвира Набиуллинанын катына жооп болгон.

Путинге жөнөтүлгөн катта Набиуллина: —«Борбордук Банк Орусиядагы ири базарларда төлөөнүн айрым схемаларын, «серый» импортту легалдаштыруунун жолдорун аныктаган. Жөнөтүлгөн каражаттар базардан алыс эмес жайларда орун алып, ал эми төлөмдү алуучулар Кыргызстан менен Казакстандагы соода сатык складдары болгон. Өз кезегинде ал өлкөлөргө Кытайдан жана Вьетнамдан товар келет» деп билдирген.

Январдын ортосунда жөнөтүлгөн каттагы бул схемага Борбордук банк ошондо эле көңүл бурган. Ошол кезде тизмеде белгиленгендей бир эле жүздөр 1 күндө бир нече жолу чет өлкөгө накталай акча которуп турушкан. Мындай акча которуулар банктан эсеп ачпай туруп банкка жакын соода түйүндөрү аркылуу жасалган. Көп учурларда мындай которууларда контролдук кассалык техника колдонулбайт – жарманкелерде жана базардагы соода сатыктарда буга мыйзам жол берет.

Бир жыл аралыгында мындай шектүү которуулардын өлчөмү 100 млрд рублдин тегерегин де болгондугун Борбордук Банк аныктаган. Алардын максаты – салык төлөөдөн качуу жана каражатты чет өлкөгө чыгаруу болуп саналат».

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − 27 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: