Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын элинин жана жеке өзүнүн атынан Түркия Республикасынын Президенти Реджеп Тайип Эрдоганга Текирдаг аймагында поезддин рельстен чыгып кетишинен улам адамдардын курман болушуна байланыштуу көңүл айтты.
«Курман болгондордун жакындарына жана туугандарына чын жүрөктөн чыккан көңүл айтуумду жана колдоо сөздөрүмдү айтып коюуңузду өтүнөм. Алардын аза кайгысын тең бөлүшөбүз», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ